Футбол боюнча Азиянын кубогу: Кыргызстан Макао курамасын утту

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо оюндарынын 5-турунда Макаодо конокто ойноп, талаа ээлерин 3:4 эсебинде утуп алды.

Кыргызстандын футбол федерациясынан билдиришкендей оюн 14-ноябрда Макаонун Olympic Complex Stadium стадионунда өттү. Кыргызстанга тиешелүү голдорду Антон Землянухин (2), Виталий Люкс жана Мирлан Мурзаев киргизди.

2019-жылдагы АФК кубогунун тандоо оюндарында Кыргызстан А тобунда Индия, Мьянма жана Макаонун командалары менен ойноп жатат. Беттештер 2018-жылдын 29-мартында аяктайт. Учурда Кыргызстан өз тайпасында жети упай менен экинчи катарда. 12 упай менен Индия курамасы көч башын жетектөөдө. Бул жетишкендик менен индиялык оюнчулар мөөнөтүнөн мурда финалдык оюнга жолдомо алышкан. Экинчи жолдомо үчүн Кыргызстан менен Мьянма командасы таймашып жатышат. Учурда мьянмалыктарда төрт упай бар.

14-ноябрда 5-турда Мьянма менен Индиянын курама командалары беттешет. Макао оюнчуларында упай жок.

Тандоо оюндарынын акыркы турунда кыргыз футболчулары 2018-жылы 27-мартта Бишкекте индиялык футболчуларды кабыл алат. Бул күнү Мьянма футболчулары өз жеринде тайпанын аутсайдери Макао командасы менен ойнойт.

Булак: Азаттык

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *