Мигранттар которгон акча 1,7 миллиард доллардан ашты

Быйыл чет мамлекеттерде иштеп жүргөн кыргызстандыктардан келген акча 1 миллиард 740 миллион долларды түздү.

Улуттук банктын маалыматына караганда, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 274,6 миллион долларга көп. Ал эми быйыл тогуз ай ичинде 316,2 миллион доллар Кыргызстандан сыртка которулган.

Кыргызстанга тыштан которулган акчанын 90 пайызга жакыны Орусиядан келет. Дүйнөлүк банк буга чейин чет жактагы мигранттар которгон каражат Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 30 пайызына барабар деп билдирген.

Былтыр кыргызстандык эмгек мигранттары 1 миллиард 991 миллион доллар которушкан.

Булак: Азаттык

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *