Премьер-министр Сапар ИСАКОВ: «Айдоочулар бирдиктүү борбордон тест тапшырышат»

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


— Жакындан бери жол кырсыктары мурдагыдан курчуп кетти. 1-9-ноябрь аралыгында республикада 208 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 42 жараныбыз каза болду. Андан 321 жаран ар тїрїї деўгээлде жаракат алды. Айрыкча акыркы кїндєрдєгї он жана беш адам катары менен каза болгон окуялар коомдук резонанс туудуруп жиберди, — деди Премьер-министр Сапар Исаков жол кырсыктарын четтетїї боюнча чукул чакырылган Єкмєт жыйынында.

Жол кырсыгынан он айда 695 адам мерт кетти

– Ушул жылдын июль айында Пре-зидент А.Атамбаев катышкан Коопсуздук кеңешинин жыйынында жол кырсыкта-рын четтетүү боюнча иш-чаралар кабыл алынган. Бул боюнча Өкмөт да өзүнүн бир катар иш-пландарын бекиткен. Ошого карабай кырдаал оңолбой жатат. Бүгүнкү күндө жаңы Өкмөттүн командасы кайсы жагдайда кемчилик кетирди, эмне үчүн жол кырсыгы чоң жоготуулар менен коштолуп жатат? Абалдан чыгуу үчүн дагы кандай кошумча чараларды көрүү керек? – деп, Сапар Исаков мамлекеттик органдардын алдына маселе койду. Анткени, анын билдиргенине караганда 2017-жылдын он айында республикада 597 жол кырсыгы катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,3 пайызга көп. Андан 695 адам каза болуп, 7839 адам түрдүү деңгээлде жаракат алып отурат. «Бул бизди ойлондура турган коркунучтуу сан. Мындай абалды жоюу үчүн чечкиндүү кадамдарга барышыбыз керек. «Акылдуу шаар» долбоору биздин планыбыз боюнча эки жылдын аралыгында ишке ашырылат. Бирок, ага чейин көрүлө турган чараларды карашыбыз керек», – деди Өкмөт башчы.

Темир Жумакадыровдун аткарылбай калган тапшырмасы…

Ички иштер министри Улан Исраиловдун билдиргенине караганда негизинен айдоочулардын күнөөсү менен болгон кырсыктар бардык жол кырсыктарынын 83 пайызын түзө турганын жүргүзүлгөн талдоолор аныктаган. «Мисалы, ылдамдыктын белгиленген чегинен чыгуу 33, жол эрежесин манипуляциялоо 24, жолдун бетме-бет тарабына чыгып алуу 11, мас абалында айдоо 9 пайызды ж.б. түзүп жатат», — деп белгиледи министр. Анын айтымында жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү милиция кызматкерлери тартыш. Үстүбүздөгү жылдын он айынын ичинде алдын алуучу иш-чаралар жүргүзүлгөнүнө карабай, жол кырсыгы былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда 12 пайызга көбөйгөн. Айдоочуларга салынган айып пулдун көлөмү 214 млн. сомго жеткен, бул өткөн жылдагыга караганда 27 млн. сомго көп. Андан тышкары, айдоочуларды окутуунун сапаты абдан төмөнбойдон калууда. Айрым жарандар айдоочу-нун күбөлүгүн алгандан 3-4 күндөн кийин жол кырсыгына учурап жатат.

30-августта вице-премьер-министр Темир Жумакадыров жол кырсыгын четтетүү боюнча ИИМге бир катар протоколдук тапшырмаларды  берген.  Көрүнүп  тургандай тапшырма аткарылган эмес. Аталган министрлик  өзүнө  караштуу  бөлүмдөр  тапшырманы эмне үчүн аткарбай жаткандыгы боюнча жыйынтык чыгаруусу керек. Парадокс, ошол тапшырманы берип, талап кылган Темир Жумакадыровдун өзү жол кырсыгынан бир кызматкери, шоопуру менен кошо каза таап отурат. Ушул жагдайды эскерткен Сапар Исаков бул маселеге тиешелүү бардык мамлекеттик органдардын аткарган иштерин талдап чыгууну тапшырды. Талдоонун жыйынтыгы бир аптанын ичинде чыгарылуусу керек.

Көптөгөн адам өмүрүн кыйып жаткан жол кырсыктарын азайтуу үчүн токтоосуз реформа жүргүзүү маселеси көтөрүлүүдө. Сапар Исаков өнүккөн чет мамлекеттердин тажрыйбаларын карап көрүп, Мамлекеттик каттоо кызматы, Ички иштер министрлиги менен бирдикте, айдоочунун күбөлүгүн алуудагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюунун жаңы нормативдерин иштеп чыгуу сунушун айтты: «Мүмкүн биз тестирлөөнүн бирдиктүү борборун түзсөк кандай болот? Экзаменди тапшыргандан кийин, жарандар айдоочунун күбөлүгүн бир жерден алуусун камсыз кылуу керек. Мүмкүн тест тапшы-руунун регионалдык бөлүмдөрүн түзүү за-рыл болуп жүрбөсүн?», – деди. Экзаменден өткөрүүнү катуулатуу боюнча Мамлекеттик каттоо кызматы жаңыча иш алып барууну баштаганы кабарланды.

Жол коопсуздугун камсыздоочу жаңы түзүм

ИИМге караштуу патрулдук милиция кызматы  жоюлуп,  анын  ордуна  «Жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы» болуп түзүлдү. Бул токтомго С.Исаков кол койду. Андан тышкары, жаңы түзүлүп жаткан органдын кызматкерлеринин санын көбөйтүү жагы да каралып жатат. У.Исраиловго жаңы түзүмдүн жетекчилерин жогорку профессионалдуу адамдардан тандоо тапшырмасы берилди. Мындан ары, өзүнө тагылган тапшырмаларды аткарбаган айрым жетекчилерди кызматтан кетирүүгө чейинки чаралар колдонула турган болууда. «Биз көрүлө турган иш-чараларды аткарууну тездетишибиз зарыл. Адамдардын каза болуп жатышына мындан ары чыдоого болбойт», – деди С.Исаков.

Кырсык болгон жерге убагында жетип баруу үчүн «Тез жардам» унаалары да жетишсиз. Бишкек – Ош жолунун бир нече бөлүгүнө – Суусамырга, Сосновкага, Төө-Ашууга, Таш-Көмүргө «Тез жардам» машинесинин күзөттөрү коюлган. Тилекке каршы, «Тез жардам» машинелери жетишсиз. Саламаттык сактоо министри Т.Батыралиевдин айтуусу боюнча мындан ары «Тез жардамдын» ордуна Реанимобилдик машинелерди коюучу учур келип жетти. Анткени, жол кырсыгына кабылгандарга окуя болгон алгачкы 20 мүнөттүн ичинде жетип барган учурда анынөмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк бар. Бирок, автоунаалардын дагы эскилиги жетип, советтик мезгилден бери иштеп жаткандары бар. Саламаттык сактоо министрлиги республиканын аймагындагы негизги трассалардын боюна мобилдүү жардам техникаларын коюу боюнча бир аптанын ичинде иш-планын иштеп чыгып, Өкмөткө сунуш киргизүү тапшырмасын алды.

Бишкек – Чолпон-Ата айланма жолунда жол кырсыктары арбын катталууда. Бетме-бет келип сүзүшкөн автоунаалар аз эмес. Ушуга байланыштуу, Транспорт жана жолдор министрлиги жол ортосуна темир-бетон тосмоло-рун орнотуу иштерин кечиктирбөөсү керек. Мындай маанилүү иштен мамлекет каражат аябайт. Темир-бетон тосмолорду орнотууну улантуу 2018-жылы катуу колго алына турган болду. Ушул эле иштер Бишкек-Ош жолунда да аткарылат.

Чырмалышкан күбөлүк коррупциясы

Бүгүнкү күндө айдоочунун күбөлүгүн сатып алуу эч кимге жаңылык болбой калды. Жең ичинен жасалган коррупциялык иштер туруктуу өнөкөткө айланып, чынжырдай чырмалышкан. Финполициянын сентябрь-октябрь айларындагы жүргүзгөн иштеринин  натыйжасында  мыйзамсыз күбөлүк бергендиги боюнча боюнча үч кылмыш иши козголгон. Бекеринен Өкмөт мына ушул тамырлашып кеткен көйгөйгө атайын токтолуп жаткан жери жок.

Республикада айдоочуларды окута турган 223 автомектеп бар. Лицензияны Билим берүү жана илим министрлигинен алышат. Каралган талап боюнча автомектептерге караштуу автомобилдер, автодромдор ж.б. болушу керек. Бирок, аталган министрликтин лицензияны бергени эле болбосо, автомектептер мыйзам бузган учурда лицензияны кайра чакыртып алуучу укугу каралбай калыптыр. Лицензиянын тагдырын сот гана чечет. Экинчиден, лицензияны алуу үчүн автомектептер автодромду ижарага алышат. Ал эми ижара мөөнөтү бүткөн соң, автомектептердин автодрому жок калат. Мындай жагдайда айдоочуну кантип окутуп жатканы көп суроону туудуруп жатат. Мына ушул жагдайда нормативдик-укуктук актыларды кайра карап чыгуу боюнча Билим берүү жана илим министрлиги иш алып барууда.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *