Динара ТҮМӨНБАЕВА: «Кариес, тамактын сезгенүүсү бөйрөк ооруларын чакырат»

Бактыгүл МУНДУЗОВА, «Кыргыз Туусу»


Улуттук госпиталдын жасалма бөйрөк бөлүмүнүн башчысы Динара Түмөнбаева менен маектешкенибизде ал буларды айтып берди.

Бөйрөк эмне үчүн ооруйт?

Заара бөлүп чыгаруучу системанын оорулары тубаса, анын ичинде тукум куума жана кийин пайда болушу мүмкүн. Мисалы, эки бөйрөктүн тең жок болушунда жашоо мүмкүн эмес, айрым кемтиктер бул системанын функциясынын бузулушу ме-нен коштолот.

Суук  тийип  сезгенүү,  көп  убакыт ооруп  жүрө  берүү,  башка  оорулар  менен кошо  бөйрөктүн  жабыркашы,  узак  уба-кыт  дарыларды  ичүү  бөйрөк  ооруларын чакырат.

Заара агуучу түтүк менен табарсыктын өөрчүү кемтигинде зааранын агышы бузулуп, заара токтобой калышы мүмкүн. Заара агуучу түтүк менен табарсыктын тубаса жабыркашында бөйрөктү жана бөйрөк чөйчөкчөсүн сезгентет.  Тез-тез  заара кылуу, зааранын агышынын өзгөрүшү, токтобой калышы, туттугуу, заара агуучу түтүктүн, простата безинин, ошондой эле жанаша  органдар-көтөн чучук, жатындын түрдүү оорулары  менен  байланыштуу болот (простата безинин аденомасы, сүзөк, заара жолдорунун таш оорусу,  простатит,  цистит, уретрит).

Заара жолунун катуу кармаган өнөкөт сезгенүүсү, көбүнчө сүзөктү врачка өз убагында кайрылбай өзүн-өзү дарылоодо, ошондой эле трихоманоздо, өздүк жана жыныс гигиена эрежелерин бузганда күчөйт.

Кандай адамдар көп ооруйт?

Өтө эле арык, узун бойлуу адамдардын арасында көбүнчө бөйрөктүн ылдый түшүп калуу коркунучу бар. Мындай  адамдарда  бөйрөктү  калыптагыдай абалда  кармап  турууга  жардам  берүүчү май капсуласы жакшы өөрчүгөн эмес. Андай  мезгилде,  адамда   зааранын  агышынын өзгөрүшү болот жана бөйрөккө зыян келтирет.

Бөйрөк оорусунун түрлөрү менен эркектерге караганда аялдар көбүрөөк оорушат.  Бул  аялдын  организминин  физикалык жана анатомиялык өзгөчөлүгү менен түшүндүрүлөт. Көпчүлүк учурда бөйрөктүн ишинин  бузулушу  аял  кош  бойлуу  кезде башталат.

Орто жаштагы жана андан өткөн эркектер да бөйрөк оорулары менен көп жабыркашат. Эгерде тиш жана тамак ооруларын өз маалында дарылатпаса, бул адамдарда бөйрөк ооруларына чалдыгуу коркунучу жогору болот. Анткени, кариес, тамактын сезгенүүсү бөйрөк ооруларын чакырат. Бул инфекциялардын козгоочулары кан аркылуу бүт организмди айланып жүрө беришет да, бөйрөктөргө барып «отурукташып» калышат. Өзгөчө ангина коркунучтуу – ал өтүшүп кеткенде бөйрөк катуу жабыркашы мүмкүн.

Оорунун алгачкы белгилери кандай болот?

Бөйрөктүн абалын зааранын түсү аркылуу байкаса болот. Калыптагыдай зааранын түсү ачык сары болууга тийиш. Эгер адам суюктукту аз же көп ичсе зааранын түсү өзгөрөт. Тактап айтканда, суюктукту канчалык көп ичсе, зааранын түсү ошончолук ачык болот, аз ичкен сайын кочкул тартып кете берет.

Эгерде зааранын өңү кызгылтым түстө болуп, тунук болбой киргилтим тартып турса, анда заарада кан болушу ыктымал. Бул инфекциядан же заара бөлүп чыгаруучу системадагы оору, шишик, таш, кум бар экенинен кабар берет. Эгерде заара сары түстө болсо, анда тынчсыздануунун кажети жок. Кочкул-күрөң түстөгү заара гепатиттин белгиси.  Андан  тышкары,  эгерде  бөйрөктөр ооруса эки көздүн астында «мүшөкчө» пайда болот, бир суткадагы зааранын өлчөмү азаят, адам дааратканага тез-тез барат, көбүнчө түнкү убакытта, кээ бир убакта аз-аздан гана заара бөлүнүп чыгат, кээде заара ушатуу ачы-шуу менен коштолот. Бөйрөк ишинин өткүр начарланышына  кан  басымынын  кескин төмөндөшү, шок, бөйрөк же аорта кан тамырларында кан уюп калуу, узак убакытка ич өтүп же тынымсыз кусуу, дененин катуу күйүшү, заара айдоочу дарыларды узакка ичүү алып келет.

Ар  түрдүү  уу  заттар  менен  уулануудан  бөйрөк  ткандары  өтө  сезгич  келип, чөйчөк сымал капсулалары, заара канал-чалары сезгенип, шишип, жараланып, чирий баштайт, бөйрөктүн ириңдүү сезгенүү ооруларынан,  бөйрөк  түтүгүн  таш  тосуп же заара жолдорун шишик басып кокусунан бөйрөк түтүгүнүн бүтөлүп калышынан болот.

Кандай өзгөрүүлөрдү байкай алабыз?

Бөйрөк ишинин начарлашынын өнөкөт түрүн бөйрөктүн узакка созулган (3-10 жылга чейинки) оорулары (гломеруло-нефрит, пиелонефрит, бөйрөктүн таш жана кургак учук оорулары, гидронефроз жана башка) дуушар кылат. Өнөкөт оорулар акырындык менен бөйрөктүн иштешин бузат. Эки бөйрөктүн тең өнөкөт оорудан кийин ишинин начарлашы акырындык менен канда уу заттары көбөйүп уремияга алып келет. Нерв, угуу, көрүү системасында, өпкө-жүрөк, ичеги-карын, боордо өтө оор өзгөрүүлөр пайда болот.

Оорулуу  алсырап,  бат  чарчайт,  ишке жөндөмдүүлүгү жоголот, баш ооруйт, окшуп, кусат, тамак ичүү начарлайт, арыктайт, бет, көздүн алды агыш тартып тери кургап, түлөйт. Колу-буттун күчү кетип, кол калтырап, сөөк, муун сыздап ооруйт. Кан менен зааранын курамы өзгөрөт. Канда шлактаруу заттар (азот, мочевина, креатинин) 2-3 эсе көбөйүшү мүмкүн. Ал оорулуунун оор сезгенүүсүндө, бөйрөктүн иши катуу бузулуп, уремия болгон учурда, «жасалма бөйрөк» аппаратын колдонуп, анын ишин калыбына келтирип, адамдын өмүрүн сактап калса болот. Бөйрөктүн иши такыр бузулган учур-да хирургиялык жол менен бөйрөктү донордун соо бөйрөгү менен алмаштырууга туура келет.

Ооруну алдын алуу

Организмди  чыңдоо,  гигиеналык эрежелерди  так  сактоо,  кармама сасык тумоо тонзиллит, гайморит жана башка инфекцияны өз убагында дарылоо бөйрөк  ооруларын  алдын  алуу  маанилүү экенин унутпашыбыз керек жана өз убагында  дарыгерге  кайрылуу  зарыл.  Суук мезгилдерде бөйрөктү жылуу алып жүрүү керек.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *