Абай КАЛЫЕВ, ырчы, обончу: «Бир гана апам мени чанып кетпейт»

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»


Каарманыбыз Абай Калыев кичинесинен аккордеон менен дос болуп, атагым алыска кетсе деп тилек кылып келет. Ал ырдап тим болбостон, өзүнүн обондорун да жаратып, тырмак алды эмгектерин элге тартуулайм деп турган убагы.

– Абай, чыгармачылык жан дүйнөң жана жаңылыктарың тууралуу?

–  Учурда  мен  акындар  менен  тыгыз  иштешип,  ырларына  обон  жазып, изденүүнүн үстүндөмүн. Анан дагы кубанычтуу жаңылыгым, жакынкы күндөрү жаңы ырым жарык көрдү. Нуркыз Рыскул кызынын сөзүнө таандык «Бир гана апам мени чанып кетпейт» деген ырга обон жазып, иштеп чыктым, жакынкы күндөрдө элиме тартуулайм.

– Негизги максатың атакка жетүүбү?

– Чыныгы эмгегим менен атактуу болгум келет. Элдин алкышына татыган инсан болсом деп тилеп келем.

– Чыгармачылыкты таштап басып кетүү тууралуу ой келсечи?

– Андай ой көп келди. Негизги кесибим музыка мугалими. Ырчылыкты таштагым келип, Россияда эл катары мигрант болуп иштеп келдим. Чыгармачылык менен иштөө аябай оор жана чыдамкайлыкты талап кылат. А бирок көөдөндө болгон нерсе козгоп туруп алды. Азыр чын дилден берилип, чыгармачылыка киришип иштеп жатам.

– Жазылган ырга обон жаратуу жеңилби же обон жазып алып текст издейсиңби?

– Жазылган ырга обон жазуу жеңил болот. Мисалы, мага көп кайрыктар келет. Ошол учурда сөз таппай калам. Кээде акындын жакшы жазган ырларынын муундары обонго туура келбегендиктен жаңы обонго өзүм сөз жазганга туура келет. Бирок өзүм сөзүн жазган ырды ырдоо мага ыңгайсыздыкты алып келет. Себеби мен акындардай жаза албайм. Ошондуктан акындарга кайрылам.

– Жашооңду, жан дүйнөңдү кооздогон нерсе?

– Жашоомду кооздогон нерселер – ойлогон оюмду, кыялымды, максаттарымдын өз убагында ишке ашуусу. Мен андан эбегейсиз ырахат алам. Айланамда жүргөн жакшы адамдар менен жакшы мамиледе болуу жашоомдун кооздугу десем да болот. А жан дүйнөмдүн негизги кооздугу бул – сүйүү. Кудайга болгон сүйүү, апама, атама, бир туугандарыма болгон сүйүү. Анын ичинде сүйгөн кызыма чексиз сүйүүм да бар. Досторума жана жаратылышка болгон сүйүү дегендей. Жан дүйнөмдү кооздоп тургандар мына ушулар.

– Чыгармачылык жолдун башаты, аккордеон менен достошкон алгачкы күнүң?

–  Чыгармачылык  жолум  2011-жылы башталган. Анда студент элем. Ошол жылы көптөгөн конкурстун жеңүүчүсү болгом. Р.Абдыкадыровдун ырларын ырдоо боюнча конкурста 1-орунду алгамын. Мына ушундай ийгиликтер мени алга сүрөдү жана чыгармачылыгымдын башаты болду.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *