Президент: кечиримди Атамбаев эмес, өлкөнүн ишине кийлигишкендер сурашы керек!

Кечиримди Атамбаев эмес, өздөрүнүн саясатын башка өлкөгө таңуулап жаткандар сурашы керек. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында айтты.

Президенттин айтымында, Казакстандын Кыргызстанга карата киргизген чектөөлөрүнөн улам өлкө кайсы жагынан алсыз экени аныкталды.

«Жогорку Кеңештегилер Атамбаев барып кечирим суршы керек деп жатышат. Эч убакта андай болбойт. Өзүбүздү өзүбүз сыйлабасак, бизди ким сыйлайт? Биздин ички саясатыбызга кийлигишпегиле дегендин эмнеси жаман?», — деди өлкө башчы.

Атамбаев коңшулар менен сый мамиледе болуу зарылдыгын белгилеп, Кыргызстанды мындан ары эч ким алган багытынан жаздыра албай турганын кошумчалады.

Булак: Спутник

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *