Атамбаев: Кыргызстан 2040-жылга чейин парламенттик башкарууга толук өтүшү керек

Президент Алмазбек Атамбаев Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында Кыргызстан 2040-жылга чейин толук парламенттик башкарууга өтүшү керектигин айтты.

Ал өз сөзүндө былтыр декабрда өткөн референдумда кабыл алынган түзөтүүлөрдүн жарымы ошол замат кабыл алынганын, калганы ушул жылдын 1-декабрынан тарта күчүнө кирерин айтты. Анда негизги башкаруу өкмөт менен парламентке өтөрүн кошумчалады.

Атамбаев ошондой эле парламенттик башкаруудагы мамлекеттер өнүгүп жатканын айтты.

«Дүйнөлүк тажрыйба көргөзгөндөй парламенттик башкаруудагы өлкөлөр алдыга чыгып өнүгүп жатат. Керек болсо АКШ дагы башкаруу системасын карап көрүүнү ойлонууда. Кыргызстан толугу менен 2040-жылга чейин парламенттик башкарууга өтүшү зарыл», — деди президент.

Ал андан сырткары, шайлоо мыйзамын дагы карап чыгуу керектигин баса белгиледи. Анткени айрым партиялар шайлоо учурунда тизмени башкача түзүп, шайлоо аяктаганда парламентке такыр башкалар келип калып жатканына токтолду.

«Республика — Ата-Журт» партиясы шайлоого аттанганда алардын тизмесинде жаштар, башка улуттун өкүлдөрү, интеллигенция бар болчу. Шайлоонун жыйынтыгында парламентке жалаң эле байлар келди. Андыктан бул маселени да караш керек, кийинки шайлоо деле аз калды», — деди Атамбаев.

Өлкө башчысы парламенттин салмагы артып жаткандыктан Жогорку Кеңешке чынчыл, мыйзам жаза билген билимдүү кишилер келиши керектигин белгиледи.

Булак: Спутник

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *