ӨКМ: Кыргызстанда 1932 үй-бүлө кооптуу аймакта жашап жатат

Кыргызстанда 1932 үй-бүлө мамлекеттен жардам да, жер тилкесин да алып, бирок кооптуу аймактарда жашоосун улантууда. Анын ичинде жер көчкү коркунучу бар жерлерде 1746, суу ташып, сел жүрүшү мүмкүн деген аймактарда 150, таш кулоо жана башка өзгөчө кырдаал болуп кетүү коркунучу бар жерлерде 36 кожолук бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин Мониторинг жана болжолдоо департаментинин изилдөөсү көрсөткөндөй, республика боюнча жер көчкү түшүү коркунучу бар 929 участок аныкталган. Жалал-Абад облусунда — 459, Ош облусунда — 359, Баткен облусунда — 84, Нарын облусунда — 21, Ысык-Көл облусунда — 3, Бишкек шаарында — 1 жана Ош шаарында — 2.

Кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөрдүн саны 1994-жылы 18395 болчу.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жазында жер көчкү кырсыктары болушу ыктымалдыгын эскертип, жарандарды этият болууга чакырууда.

Быйыл 29-апрелде Өзгөн районундагы Зергер айыл аймагында жер көчүп, жети тамды басып калган. 24 адам топурак астында калган.

Булак: Азаттык

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *