Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»


Буга чейинкисин бул жерден окуңүздар

Жакында “Жыландын сүйүүсү” китебинин  уландысын, тактап айтканда  3-китебин  жарыялайбыз. Ага чейин сайтыбыздан 1-2-китебин окуп турсаңыздар болот.

Түн.

Эне-жылан түз эле боз үйгө келатты! Буга чейин да баласын акмалап, адамдардын үйүнө далай келгендиктен, бул үй-бүлө ага эчактан тааныш.

Боз үйдүн ичинен кобур-собур үндөр, баланын «чыр-чур» этип ыйлап, кээде кытылдап күлгөнү угулат. «Булардын баласы эч капарсыз, ата-энесинин мандайында!.. Менин баламчы?!.» – ушуну ойлогон эне-жылан керегенин астынан  баш багып, үйдүн ичин тегерете карады.

Чырак күйүп, бир үзүм жалын үйдү жарык кылып, ортодогу чаркеш меште чатырап от күйүп, казан кайнап жатат.

Эне-жыландын  издегени көрүнбөйт… Шыбырты да угулбайт. Антсе да демин ичине катып, көпкө турду эне-жылан. Баласынын дабышын эшиткиси, бул жерден ээрчитип кеткиси келди. Бирок… үмүтү таш каап баратты… «Булар өлтүрүп койгонбу?» – деген ойдон оор денеси бир диртилдеп алды… Баласынын жанчылып, ийрейген  жансыз денеси элестеди. Эне-жыланды эч ким, эч нерсе токтото албачудай  комдоно түштү!

Шырп алдырбай, босого ылдый куюлуп кирип жаткан жыланды  тиги экөө байкабады.  Наристе гана билди. Саамга элейе тиктеп, тааныш бирөөнү көргөндөй, адатынча канаттарын каккылап, кубанып кетти. «Гы-гы, гы»…– деп босого тарапка талпынды. Ошону байкаган жылан көзгө илешпей, ала кийиздин алдына кирип кетти.

* * *

Жарык өчкөн кезде үркөр жылдыз төбөгө келип калган. Баятан берки үчөөнүн кобур-собуру тынчып, анда-санда гана баланын чуркураганы, эненин уйкусунан серпиле түшүп «алдей» айтканы, бешиктин термелгени угулат.

Ачык түндүктөн жылдыз карап, суунун шарын тыңшаган Асылбек да ары оодарылып, уйкуга кетти. Анын дем алганы кудум Эне-жыландын кулак түбүнөн угулуп жатты. Сырт да тынч. Тушалуу аттын дүпүлдөп секиргени, үй тараптан бир нерсени сезгендей анда-санда гана кошкурук атканы болбосо, ай-ааламдын өзү да уйкунун кучагына киргендей.

Эне-жыландын күткөн убагы ушул болчу! Баятан бери баласынын шооратын тыңшап, үйдүн ичин туюму аркылуу «тинтип», бирок анын бул тегеректе жок экенине көзү жеткенде гана ою чындап жамандыкка токтоду. Денеси ого бетер таш-муз болуп, ансыз да сүйкүмсүз көздөрү тептегерек болуп «күйүп», оор денесин жыбылжыта, ордунан козголду…

Капталдап жаткан Асылбек көкүрөк тушунун бүлкүлдөгөнүнөн улам ойгонуп кетти. Төшөгүнүн астын сыйпалап, колуна эч нерсе урунбаган соң гана бери оодарылып жатты.

– Уктай элексиңби? – Сырга кызын ойготуп албайын дегендей акырын шыбырады.

– Жок.

– Мен дагы. Эмнегедир эле жүрөгүм дүкүлдөйт.

– Эмнеге?

– Билбейм…

Сырга күйөөсүнө бекем ыктап, эркеледи:

– Уйкум келбей жатат…

Бул убакта Эне-жылан аларды айланып өтүп, бешикке келди да, кыймылсыз катып, баланын демин тыңшады. Наристени чагып алууга канчалык ниеттенгени менен, эмнегедир антүүгө дарманы жетпей, атүгүл кичинекей адамчаны  узакка тиктей да албай,  жалтактап кетти…

Бирок кандай болсо да өз баласынын куну үчүн анын ата-энесинен өч алууну каалап туруп алды. «Бала жоготкон кандай экенин билишсин! Өзөктөрү өрттөнүп, ботодой боздоп, мага окшоп зар какшап калышсын!»… – ушул ой аны шыкактап жиберди! Ыкчамдык менен артына имерилип, бешиктин жанын жетип келди да,  баланын сүтү куюлган  карапа  идишке уусун куюп жиберди!.. Ошондон кийин гана карышкан денеси бошой түшүп, эч нерседен шеги жок, махабатка мас болгон тиги экөөнү, Кызмончокту бир кылчайып карап алып, келген жолу менен чыгып кетти!..

Азадан өзөгү өрттөнүп, жаны күйүп, боорун жерге ныгыра-ныгыра басып, анда-санда онтоп, кышылдап ыйлап баратты  эне-жылан! Анткени ал баласынын тирүү экенин али билген жок. Көксөөсү сууп, көңүлү тынмайын баары бир адамдарды жайына койбостугун ойлоп, өзүнө-өзү ант берип келатты!

Ушул учурда таштын түбүндө уктап калган бала жылан серпиле баш көтөрүп, алда кайдан келаткан тааныш дабышты тыңшап, селейе катты да, энесинин шоокумун тааный коюп, эдиреңдеп алдынан тосуп чыкты.

* * *

Бул убакта чукурана түшкөн кызын терметип, Сырга «алдей» айтты. Ылдам эле уктап кетчү бала эмнегедир кыңкыстай берип, таптакыр ойгонуп алды. Эмчек да эмбей, ээгин эмшендеткен эркесине энеси ансайын үйрүлүп түшөт:

– Уктачы, берекем! Уктай гой…

Алдей-алдей, ак бөпөм,

Ак бешикке жат бөпөм.

Аа…Аа…Аа…

Наристеге бул сапар ыр да жакпай койду. Тынчы кетип чабалактап, башын ары-бери чайкагылап жатып, чыңырып-чычып, ыйы күчөдү.

– Жаным десе! Эмне болду сага? – деген келин өбөктөй калып, баланын оозуна эмчек салды. Ал да жакпай, Кызмончогунун чыры күчөгөндө гана Сырга Асылбекти ойготуп:

– Атасы, ойгончу, бир жери ооруп жатабы… Мындайы жок эле!.. Сүт ичесиңби, кызым? – деп карбаластап ары жак, бери жагын сыйпалап, ар күн сайын жатарда  жууп-тазалап, сүт  куюп бешиктин жанына коюп койчу идишти  издеди… Бала да ансайын алда нени сезгендей чырылдап, чучуктай чыңыра берди.

* * *

Так ушул маалда эне-жылан уулуна кезикти! Баласы бет алдынан капыл-тапыл чыга калганда, чоң жыландын ансыз да тостойгон көздөрү чанагынан чыгып, чачырап  кетүүчүдөй чакчая түштү! Бир эсе эркелесе, бир эсе кечирим сурагандай, куйругунун учуна тура калып шыйпалаңдаган уулунун көздөрү ай жарыгында акактай жанып, жароокерленип турган!.. Эне-жылан көргөн көзүнө ишенип-ишенбегендей эсин жогото калды! Келаткан ордунда катып, бир убакта анан капортосуна чейин тикчийип тура калды да, кубангандан бекен же ачуусу келгенгеби, айтор, демейдегидей эмес, кандайдыр бир узакка созолонгон үн чыгарып:

– Тс-с-с-с! Тс-с-с-с-с!.. – деп ийди. Бир карасаң үшкү рүккө да, ышкырыкка да окшогон бул үн жыландын тээ куйругунун учунан бери бүт денесин өрдөп өтүп, көмөкөйүн күч менен жарып чыккан сыяктуу өтө мукам, оор болчу. Ошондон кийин гана өзүн жагалдана тиктеген уулуна эңкейип, анын ай нуруна чагылышып, ого бетер жылтылдаган аппак, жылмакай денесин мойну менен ороп, өзүнө эңип ала койду.

Бала-жылан ушул ирмемде энесинин көздөрүндө тунуп, мөлтүлдөп  турган кандайдыр бир башкача, жылан баласына жат сыяктанган тамбышмактуу нерсени  көрдү!.. Ошол нерсе  эне-жыландын карегинде калкылдап турду да,  кудум  шүүдүрүмдүн тамчысындай жерге томолонуп түштү. Бала-жылан таң калды! А бирок анын эмне экенине акылы жетпей, анан ал жөнүндө тез эле эсинен чыгарып  салып, алаксып кетти. Ооба, анда бала-жылан бул  табышмактуу нерсенин эмне экенин кийин-кийин, жандили аркылуу өз башынан өткөрүп, билип, өзүнүн тостогой, мээримдүү көздөрү аркылуу агызып… анан барып түшүнөрүн кайдан билиптир?…

…Бирок бактылуу бул ирмемдер узакка созулган жок! Бала жытына балбаалап эрип,  жанбиргеси менен жыргап ойноп, эркелешип турган эне-жылан бир убакта алда нени эстегендей «селт» этип алды да, денеси түктүйө түштү! Мойнуна оролуп, куйрук-башын салпаңдатып, тыбырчылап ойноп жаткан уулун анан денесинен күч менен жерге таштап жиберип, чымын-куюн түшүп кайра артына – боз үйдү көздөй жөнөдү!

Түшкөн жеринде саамга кыймылсыз жаткан бала-жылан да тура калып, безилдеген боюнча энесинин артынан баратты! Анткен менен заматтын ортосунда кыйла жерге узап кеткен зор жыланга жете албай, а бирок ансайын өжөрлөнүп, болгон күчүн үрөп, жаналакетке түшүп алды.

One thought on “Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Комментарии закрыты.