Кочкордун тоо этектеринен бир күндө 3 адамдын сөөгү табылды

Кочкор районундагы тоо этектеринен үч адамдын сөөгү табылды. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, кечээ, 14-ноябрда 102 кызматына үч чакыруу түшкөн.

Ага ылайык, ӨКМдин куткаруучулары саат 11.45де Арчалуу тилкесиндеги тоонун боорунан белгисиз адамдын сөөгүн алып түшүп, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми 13.16да Орто-Токой участкасындагы Орто-Токой суусунун жээгинен белгисиз адамдын сөөгүн алып чыгарышкан. Ушул эле күнү түштөн кийин саат 16.22де Жылуу-Суу участкасында Чу суусунун жээгинен белгисиз кишинин сөөгүн алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Учурда окуянын чоо-жайын укук коргоо органдары тактап жатат.

Булак: Спутник

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *