XXI кылымдын адамдары фанаттардын курмандыгына айланып баратабызбы?

Динди туура түшүндүрүү сабактары, психология сабактарынын жогорку окуу жайларда таптакыр тыюу салынып окутулбай жатканынын акыбети мына эми террордук өзүн-өзү жардыруу, бейкүнөө адамдарды өзү менен кошо жок кылуу коркунучтары, тиги дүйнөнүн бейишине кетүү, жок нерсенин азгырыктары катарында айтылуу менен азыр дүйнө адамдарынын үшүн алып турган чагы. Дин эркиндигине өтө эле даңгыр жолду ачып таштадык. Мезгилинде Карл Маркстын «дин баш айлантчу опийим» деген далилдөөсү адам баласынын башына келип эми мындан аркысы кандай болот экенине башы катып турган чагы.

Ушундай болорун тээ кайра куруунун, кайра жаралуунун 90-жылдары эле «жаштарыбызга динди туура түшүндүрүүнүн атеисттик тарбиясы керек, сөзсүз керек» деп чыксам дин өкүлдөрүн кой, аттуу-баштуу оку-муштууларга дейре каршы чыгышкан. Мына эми ошо сөздүн кашкөй чындыгын күн эмес саат сайын дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү жан кечтилердин жардыруулары менен коштолуп, максатсыз Сирияга азгырылып кетип жатышкандыктарын көрүп турбайлы-бы. Мындай фанаттык азгырыктарга кимдер барып жатат? Албетте, атеисттик сабаты жок жаштарыбыз,  сакал  коюп,  кара  кийинип жүрүшкөндөр.

Мен эми жакында эле болгон таң ка-лыштуу окуяга токтолоюн. Эгер ошол көзү ачык, аалам менен сүйлөшкөн бүбү-бакшы, сопулардын акылга сыйбаган жоруктарын угуп, көрбөгөнүмдө мындай макаланы жазмак эмесмин. Мындай карап туруп чыдамым жетпеди. Кантсе да өз пикиримди бил-диргим келди. Жакында бул шумдуктуудай чуу салган окуя баарыбызды таң калтырбадыбы. Ал – музейдеги мумиянын жерге көмүлүшү.

Айрымдар эгер бул сөөк жерге берилбесе, кыздарыңар турмушка чыгалбай, жол кырсыктарынын өлүм житими көбөйүп кеткени ушундан деп адамдарды ынандырууга дал-бастап жатышпайбы. Бул да болсо биздин динди туура түшүнө албаган сабатсыздыгыбыздын айкын далили. Пайгамбарыбыз да«жаратканды акыл-эсиң менен тааны» деп, жөн жеринен айтпагандыр.

Мындан 3 миң жылдын ары жагында, али дин түшүнүгү жок замандын жашоочусун бүбү-бакшылар өздөрү ойдон чыгара Маржанбүбү деп атап, мусулман кылып жерге берип жатышпайбы. Мен эми ушу Баткен районунун Кара-Булак айылынын жашоо-чусу катары өз көзүм менен көргөн билгенимди айтайын.

«Кара-Булак» көрүстөнү башкача айт-канда, «Мыктын гөрү» 1954-жылы ленин-граддык археолог-тарыхчы Юрий Баруздин тарабынан ачылган. Ал казуулар 1958-жылга чейин уланган. Ошо жылы мен 5-класста окуп, эжейибиз Майрам Жоош кызы бизди экскур-сияга алып барган. Ошондо Ю.Баруздин бизди сүрөткө тартып, биринчи казган көрүстөндөн табылган мумиаланган кыздын жыгач табытта жаткан турпатын мүрзөгө аркан менен түшүп көрсөткөнү азыр да көз алдымда. Ошондогу кыздын элеси биздин класстагы кыздар курактуу кийимчен, колунун, бутунун учу, кыйгач жаткырылган жүзү гана көрүнүп, манжасындагы шакегин көргөнүм азыр да көз алдымда. Ал эми ошол кыздын турпатын Фрунзедеги тарых музейинде 1967-жылы окууга тапшырганы абитуриент боло барганымда дагы көргөм. Арыгынан келген өтө назик кыз болчу.

А бул мурду кочкор тумшук же аял эмес, же эркек эмес мумияны ошо Кара-Булак көрүстөнүнөн табылган жазууну окушуп ошо кыз деп алып келип жерлеп жатышпайбы.

Ошол 1960-жылдары Чүй боорунан да мумияланган адамдардын сөөктөрү табылганын  гезиттен  окуган  болчумун.  Демек, жанагы мен көргөн кыз башка бир музейге берилип, же сатылып ордуна ошо Чүй боорунан табылган адам сөөгүн коюп коюшкан. Кудай акы, ал кыздын өтө назик татынакай кийимчен сөөгү кайсы бир музейде турат. Буга мен бөркүмдөй ишенип калдым. Археолог Ю.Баруздин ошондо ушундай дагы эки кыздын мумие сөөгүн Ош менен Ленинград музейлерине тапшыргандыгын бизге айтып берген болчу. Алардын деле тагдырлары кан-дай болду, белгисиз.

Көрбөйсүзбү  биздин  диний  сабатсыз адамдарыбыздын, айрыкча жаштарыбыздын аң сезимин жок нерсеге ууландырган бүбү-бакшылардын азгырыгын. Ала-Букада башка динге өткөн аялдын сөөгүн мусулмандар мүрзөсүнөн орун жок деп үч жолу ит сүйрөгөндөй сүйрөп салууларына не десе болот. А кай заманда өткөн дини жок адамды кош колдоп жерлеп жатпайбызбы. Ошончолук эле жерге бергиси келсе Чүй боорунун бир жерине көөмп салса болбойт беле. Болмок. Бирок бүбү-бакшылар бүт кыргыздарды дүрбөлөңгө салып адамдарды коркутуп-үркүтүп көңүлүн буруп жатпайбы. Ага биздин депутаттардан тарта министрге дейре макул боло кош колдоп жөнөтүп жатпайбы. А биздин замандын маркумуна мусулман мазарынан орун жок деп итче сүйрөп салса, ырас гана болду деп баарыбыз макул болдук.

Бизди көтөрүп баккан жер энеге пенде-си кандай дин тутунбасын, бирдей экендигин унутпасак экен.

Мурзапар ҮСӨН, Жазуучу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *