Кочкордо бир күндө ар кайсы жерден табылган үч сөөктүн чоо-жайы аныкталды

Кочкор районунун тоо этектеринен сөөгү табылган үч кишинин экөө дайынсыз жоголуп изделип жаткан. Бул туурасында Нарын ОИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 14-ноябрда белгисиз адамдардын сөөгү табылгандыгы туурасында милицияга кабарланып, аларды ӨКМдин куткаруучулары алып чыгышкан.

«Сары-Булак айылындагы тоо боорунан белгисиз адамдын сөөгүнүн калдыктары табылды. Анын эркек экени жана Кочкордун Ормон хан айылында жашаганы аныкталды. Маркум 2013-жылдын апрель айынан бери дайынсыз болуп изделип жаткан. Ал эми Орто-Токой суусунан сөөгү табылган жаран дагы ушул жылдын 8-октябрынан бери кабарсыз болуп издөөгө алынган. Ал 35-40 жаштар чамасындагы эркек болчу. Ушул райондун Кочкор айылынын тургуну болгон», — деп айтылат маалыматта.

Жогоруда белгилеген эки адамдын сөөгү туугандарына өткөрүп берилген.

Ал эми Теңдик айылынын Жылуу-Суу тилкесиндеги суу жээгинен сөөгү табылган жаран болжол менен 40-45 жаштагы аял. Учурда анын ким экени такталып жатат.

Ошондой эле аталган фактылар боюнча атайын экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатканы айтылды.

Булак: Спутник

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *