16-ноябрга карата аба ырайы

16-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде карга айланышы, тоолордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө -2…+3 2…7
Талас өрөөнүндө -2…-7 1…6
Ош жанаЖалал-Абад аймактарында -2…+3 6…11
Баткен областында -2…+3 6…11
Ысык-Көл областында -3…+2 0…5
Нарын областында -3…-8 0…5

Бишкекте түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап карга айланышы мүмкүн. 16-ноябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы 0…-2 5…7

Булак: © Кыргызгидромет