Роза ТАБЕРИКОВА: «Биз эми байкуш эмеспиз»

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


Белгилүү эстрада ырчысы Роза Таберикова Москвага иштеп кеткенине бир нече жыл болду. Ырчынын күйөрмандары “Роза дагы мигрант болуп кеттиби?”, — деп кызыгып жатышкандыктан, кабарчыбыз анын өзүнө жолугуп маек курган.

– Роза эже, Москвага иш-теп кеткениңизге эмне себеп болду?

–  Оокатым  өтпөй  калган үчүн кеткен жокмун. Эмнегедир жан дүйнөм башка өлкөнү каалап, жер которуп иштегим келип жүргөн болчу. Москвада иштеген бир курбум: “Роза, Бишкекте ырчылар ансыз деле көп, сен Москвага келсеңчи”, – деп калды. Бишкекте үй-жайым бар. Кызым чоңоюп өстү. Кыргыздын той бермеги кайсы жерде болсо да калбайт эмеспи. Ырчы болгондон кийин жакшылыктарга кызмат кылгыбыз келет. Ал жактагы мекендештерибиз: “Роза эже келип ырас болду. Эми биздин жаштарга “Жар-жар” айта турган чыгармачыл адамыбыз бар”, – деп кубанышты.

– Москвада ырчылар тартыш болуп, тойлордун “рыногун” жалгыз ээлеп калган турбайсызбы?

– Ал жакка да биздин ырчы-лар толуп алышты го деп ойлогом. Ырчылардан ал жакта көп жылдардан бери Москвада жашап, бизнесин өнүктүрүп алган Жылдыз Осмоналиева бар. Бул жактан барган “Город 0312” тобунун ырчысы Светлана Назаренко болуп жолугушуп турабыз. Чынында Москвага барыш-кан өзбек, тажик мигранттары той өткөргөндөрүн көргөн жокмун. Кыргыздар гана той берип, жергиликтүү орус ишкерлердин кафелерин  алып  иштетишет. Москва шаары боюнча кыргыз-дар ижарага алган 64 кафе бар. Салык, ижара акысы, коммуналдык чыгымдардын баарын төлөп, жапкандан кийин да жакшы каражат түшүп турат. Бир эсептен кыргыздардын көп киши чакырып, дүңүнөн өткөргөн тойлору кафелердин кожоюндарын багып жатат. Мисалы, кыргыз иштеткен бир кафе айына 1 млн. рубль ижара акы төлөйт. Биздикилердин ушундай ийгиликтерине абдан кубанып калам. Беш жыл мурда баш кошкон кыргыз жаштары тойду европалыктарча өткөргөндөрү басымдуу экенин байкадым. Ошондо мен баарына жага турган жаңы программаны киргиздим. Жаш жубайлардын келе жаткан жолуна ак материал төшөтүп, ага роза гүлдөрүн чачтыртып, өзүм “Жар-жар” ырын ырдап, тосуп алып жаттык. Ага кошуп, келинге чачыла чачтырганыбыз баарына жакты. Бүгүнкү күндө Москвада “Теберик тамада” аттуу маданий борборум бар. Башка мамлекеттерде кыргыздын улуттук кийимдери менен жүргөн абдан сыймык экен.

–  Россияда  жаша-ган мигранттарыбыздын  кыйналгандарын, ар  түрдүү  окуяларга туш болгон негативдүү жактарын  угуп  алып аяп  кетебиз.  Ал  жактагы жалпы жашооңор кандай?

–Ал  жакта  турмуш-шартын абдан жакшы жолго коюп, өйдөлөтүп алган мекендештерибиз толтура. Бул жакта айлык маянанын көзүн карап же жумушу жок наалып жүргөнгө караганда ал жактан тапкан акча кыйла жогору болуп жатпайбы. Кыргызстандагы үй-бүлөсүнө акча салып, үй салдырып, машине, мал алып берип жатышат. Мигрант десе эле бизди көптөрү “байкуштар, кыйналгандан көрө кайра келип алышпайбы”,– деп ойлошот. А чынында биз байкуш эмеспиз. Орточо алганда ар бир кыргыз мигранты  50  миң  рублдан  айлык алат. Эми беш кол тең эмес. Өзүбүздүн эле кыргыздар өз жердештерине жумуш таап берем деп, алдап алып барып, кор кылып койгондору да кездешет. Россия да аймактар боюнча түзүлгөн кыргыз коомдору уюшулган. Мисалы, “Нарын коому”, “Өзгөн коому”, “Аксы коому”, “Ысык-Көл коому” ж.б. түзүлгөн. Бул коомдор кыргыздарды аймактарга бөлүп-жаруу үчүн эмес, алданып барып кордук көргөн же катуу дартка туш болуп, кымбат операция кылуу керек болгон жердештерине жакындан жардам берүү, акыбалын билип туруу үчүн түзүлөт. Майрамдарда,  жакшылык-жамандыкта катышып туруу максатын көздөйт. Кантсе да, жакшы же жаман жашаш ар бир адамдын өз аракетине байланыштуу. Айрымдары турмуш кыйынчылыгына чыдабай ичип кетет. Легалсыз барып алышып алданышат. Жумуш тандап жалкоолонуп жүргөндөрү деле жок эмес. Бирок, ошолорго деле жардам берип, колунан өйдө тартып алууга аракет кылабыз.

Былтыркы  жылы  Ысык-Көлдө “Көчмөндөр оюну” өтүп жатканда  Москвада  14  кыргыз  кыз-келиндер  өрттөн  каза болуп,  өз  алапайыбызды  таппай калдык. Ал күндөрү “Бир уйдун  мүйүзү  сынса  миң  уй-дун мүйүзү зыркырайт” болдук. Кийинки “Көчмөндөр оюунун” келип көрөрбүз… Мен мындай дүйнөлүк иш-чараны өз көзүм ме-нен көрөйүн деген тилекте билет алып, учканы жатканда тигиндей трагедия болуп кетти. Кыргыз  Өкмөтүнүн  чоң  жардамы менен кыздардын сөөктөрү кичи мекендерине жеткирилип жатты. Биз аларды эскерип, түлөө өткөрдүк.  Жакындарына  жардам  иретинде  каражат  чогул-туп, үй-бүлөлөрүнө жеткирилип берилди.

Жакында нарындык бир жи-гит досу экөө Россиядан машине айдап келе жатып, жолдон капысынан жүрөгү токтоп каза болуп калды. Рулдагы шериги аны уктап алган  экен  деп  ойлоптур.  Бир убакта ойготоюн деп түрткүлөсө денеси муздап калыптыр. Мар-кумдун Кыргызстанда төрт бала-сы калды. Анын жакындарына да “Нарын” коому жардам көрсөттүк. Ал жактагы кыргыз коомдору-нун бар болгону жакшы. Маданий иш-чараларды, айталы, “Ыр к-сени” уюштурганда коомдордун жетекчилерине эле айттырылат. Ошентип алар: “Намысты бербей утуп чыгалы” , – деп, таланттарын тандашып иш-чарага даярдана башташат.

–  Жакында  Москванын борбордук  көчөлөрүндө заңкайып ак элечек кийген аялдардын  тобу  жүргөнү интернетке чыкты. Мындай маданий ак-цияны ким уюш турду?

–  Ак  элечекти, кыргыз айымдарынын улуттук кийимдерин  демонстрациялоо идеясын актриса Айжан  Акылбекова көтөрүп чыкты. Ошол флеш-мобго  кызыгып, алар менен метролордон, Кызыл аянттан, ГУМ жана башка жерлерден сүрөткө түшүп, туш-тарапка таратып жаткан чет элдиктер толтура болуптур. Биз улуттук иденттүүлүгүбүздү, каада-салтыбызды  сактап  калган  эл экенибизди дүйнө коомчулугуна таратып, ушундай иш-чараларды уюштуруп  турганыбыз  жакшы эмеспи.

–  Биздин  жарандар  иштеткен кафелерге москвалыктар көп келишеби?

–  Шаар  эли  коомдук  жайлардан  тамактанганды  жакшы көрүшөт. Айрымдары кечки тамакты  үй-бүлөсү  менен  чогуу ичкени  келишет.  Өзүбүз  майрамдарда чогулуп турабыз. “Нооруз”  майрамында  кыргыздын кафелери улуттук тамак-аштын түрлөрүн жайнатышат. Ал күнү сүмөлөктү бекер таратып, боорсоктун түрлөрү менен тосуп алышат. Кыргыздардын кафелеринде бешбармак, манты, палоо сыяктуу толгон тамак-аштын түрлөрү даярдалат. Өздөрүнүн көнүп калган кардарлары бар. Кыргыздар өзүбүз  чогулганда  улууларды төргө отургузуп, устукан тартып, сый-урмат көрсөтөбүз. Жылдыз Осмоналиеванын ал жакта “Манты бар” деген аталыштагы кафеси бар. “Бар” деген сөз ичкилик сунуштап, бармендин кызматын пайдаланчу жай эмес, кадимки эле “даяр манты бар” деген маанини билдирет. Ал кафедеги таластыктардын гүлчөтайын, мантыны башка улуттар үзүлүп түшүп жешет. Жылдыз жакындан бери тамактардын тизмесине Караколдун  ашлямфусун  киргизип, кардарларын таң калтырып жатат.

– Устукан деп калдыңыз, малды кайдан алып жатасыздар?

– Атайын мал баккан мекендештерибиз бар. Мисалы, Москвадан  машинеде  эки  сааттык аралыктагы  жерде  Нарындын Ак-Талаасынан барган Эдил деген жигит өзүнүн малын багат. Мал багууга абдан жайлуу жер. Бизге адал эттерди алып келет. Этти атайын буйрутма берсек 5-10 кил-ден деле таратып берет. Тойлорго же куран окуткан учурларда сатып алып турабыз. Анын уйлары, жылкылары, койлору бар. Дүйнөдө кыргыз  баласы  барбаган  жер калдыбы? Ал түгүл Австралияга бир кыргыз жигит үй-бүлөсү менен көчүп барып, мал багып жашап жүрөт. Болгондо да каралбай калган, жергиликтүү элдин алы жетпеген, жашоого мүмкүн эмес деген жерди өздөштүрүп алыптыр. Ошого карабай анын баккан койлору семиз, турмуш-шарты жак-шы экенинен кабар алып жата-быз. Келинчеги да ошол жактан төрөп алыптыр. Мекендешибиз ал жакта чоң үйдү салып, ичине аристон орнотуп, жылуу суу чыгарып, максималдуу шартты түзүп, жергиликтүүлөрдү  таң  калтырып жатыптыр. Жергиликтүүлөр болсо шаардыкындай коммуникация  жок  жерге  барышпайт экен.  Мүмкүн  биздин  каныбызда  абалкы  көчмөндүк  турмуш, чыдамкайлуулук “уктап” жаткандыр…

–  Азыркы  күндө  өзүңүз-дүн жашоо-тиричилигиңиз кандай?

– Турмуш шартым жакшы. Москвада биз, айрым кыргыздар үч бөлмөлүү батирди жалгыз өзүбүз ижарага алып туруп, кайра мекендештерибизге ижарага берип коёбуз. Үч бөлмөдө орточо он беш адам жашайт. Андан түшкөн акчанын айырмасына кайра бир бөлмө батирди ижарага алып, жалгыз же үй-бүлө менен жашаса болот. Мен да ошенткем. Өзүмчө бир бөлмөлүү ыңгайлуу батирде жашайм. Үч бөлмөнүн чоң бөлмөсүнө – залына жети кишини  батырса  болот.  Мындай жатышты “койка места” деп атайбыз.

–  Бишкекке  биротоло качан келейин деген оюңуз бар?

– Азырынча биротоло келей-ин деген оюм жок. Дагы бир аз оокат кылып алайын деп жатам. Бул жакта менден башка ырчы-лар деле толтура. Москвада бош отура албайм. Дүйнөнүн атактуу ырчылары келгенде концертке барам. Театрларынан жакшы спектаклдерди көрүп турам. Өткөндө Кыргызстандын расмий бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу болду. Ошондо бир жигитибиз: “Биз эми мигрант эмеспиз. Мигрант болуу мезгилинен өттүк”, – деп айтты. Чынында бизнесин абдан жогор-ку деңгээлге көтөрүп же жакшы маянасы  бар  кызматка  туруп, орун-очок алган мекендештерибиздин эми атажуртка биротоло көчүп келиши кыйын.