Акын Атантай АКБАРОВ: «Адабият өлсө – болот кыямат!..»

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


– Атантай Акбаров оболу ким? Акынбы, обончубу, адамбы, пендеби?

– Н.А.Некрасов: “Акын болбосоң да жаран бол бол!” – десе, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов: “Күн сайын адам бойдон калуу баарынан кыйын”, – деп айтканы бар. Андыктан, мен тууралуу,  балким,  пендечиликтен кутулуу үчүн жан сабап өмүр бою  аракеттенген  адам  десең туура болор. Акындык менин жан дүйнөм болсо, обончулук менин жан дүйнөмдүн жаңырыгы. Проза,  драматургия,  сатира  жанрында  жазылган  чыгармаларым да бар. “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат”, – демекчи, бирөөлөргө менин акробаттыгым  жакса,  бирөөлөргө  йогдордун көнүгүүлөрүн жасаганым, бирөөлөргө суучулдугум жагат.

– Улут жана Мекен, жер жана Ата журт, дин жана ыйман маселесине көз карашыңыз кандай?

– “Менин бир кыска поэмамда Жараткан  бир  жигитке:  “Сен  элиңдин, Мекениңдин жана жаныңдын – үчөөнүн экөөсүн танда”, – деп талап койгондо, жигит: “Элим менен Мекеним үчүн жаным курман!” –деп жооп берет. Анда Кудай: “Элиң менен Мекениңдин бирин танда!” – деп талап койгондо, жигит: “Элим аман калсын. Эгер элим аман болсо, анда ал Мекенимди кайра кайтарып алат”, – деп жооп берет. Анда Жараткан жигитке кайрылып: “Эгер сендей жигиттер аман болсо, алар элин да, Мекенин да ар дайым сактайт! – деп айтып, жигиттин жанын да аман калтырат. Мен Кудайдан ашык айта алмак белем. Элим, Мекеним деген улутман жигиттерибиз, кыздарыбыз көп болсун демекчимин! “Адеп, уят –Жерди сактап тура алат, Адабият өлсө – болот Кыямат!” –деп бир жаздым эле. Анын сыңарындай, ыйман – руханий эң башкы сапаттардын бири болгондуктан, ал адабият сыяктуу эле динде да негизги таянычтардын бири. Бирок ыймандуу адам деген бул диний кызматкер же дин туткан адам эле эмес. Эркин ой жүгүрткөн, билимдүү адамдар үчүн деле: “Адам ыйманы менен ыйык!”, же болбосо: “Мекенди сүйүү – ыймандан!” – деген принциптерди туу тутуп эле жашап келе жатышат.

– Улуттук адабияттын учурдагы абалына кандай баа бересиз? Өсүү барбы же адабият чөгүп баратабы?

– Адабият жок болуп кеткен жок, кыргыз адабияты өз сапарын татыктуу улантып келе жатат. “Азыр суурулуп чыккан эч ким жок”, – деп бирөө айтса, Омор Султанов: “Азыр жалпы суурулуп чыгып баратышат”, – деп жооп берген экен. Анын сыңарындай, азыр көркөм нарк, көркөм дөөлөт дегендер өзүнүн чыныгы маанисине келди. Ал эми таланттуу калемгерлер же анын мыкты чыгармалары кээде “Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты”, – болуп турган заманда байкалбай деле калышы толук мыйзам ченемдүү. Омар Хаям деле кезинде элге алынбай калып, кийин бир нече кылымдар өткөн соң кайра дүйнөгө дүң болгон эмеспи. Ошондой көрүнүштөр бизде да болушу толук ыктымал.

Өз муунуңуздагы акын-жа-зуучулардан бирөө-жарымы Ку-дай тартуулаган талантын булактын  көзүн  ачкандай  ачып, адабий чөйрө таңгала тургандай эмгек жарата алыштыбы? Дүйнөлүк адабиятка кире турган чыгарма жазгандар болдубу?

– Андай эл аралык деңгээлдеги сый-лыктарга арзып келаткан автор катары Султан Раевди атап кетсе болот. Ал «Ка-ра» романы үчүн Евразия эл аралык алтын медалы жана лауреаттык наамы ме-нен сыйланды. Бул Евразия сыйлыгы илим, искусство, адабият номинациясын-да берилип, сыйлык Россия, Англия, Индия, Непал, Казакстан, Украина, Грузия, Азербайжан , Кыргызстандын эң мыкты илимпоздоруна, искусство чеберлерине, жазуучу, акындарына ыйгарылган. Негизи азыр ким кандай чыгарма жаратса да, адамдар ага таң калбай турган доордо жашап жатабыз. Анан да андай чоң сыйлык албаса дагы акын Бактыгүл Чотурованын “Тумар ханыша” аттуу спектакли көрүүчүлөргө жаккандыгы, мурунку мыкты драматургдардын жолун татыктуу уланып келе жаткандыгынан кабар берет. Ал эми дүйнөлүк адабиятка кире турган чыгармалар жаралгандыгын билүү үчүн дагы бизден кийин жок дегенде бир-эки кылым күтүү керек. Нобель сыйлыгын эң алгачкы болуп, 1901-жылы алган француз акыны жана эссечиси Сюлли-Прюдомдой болуп, кээде учурунда дүңгүрөгөндөр кийин таптакыр унутта калышы да толук мүмкүн. Эң калыс бааны сыйлык ыйгаруучулар эмес, мезгил гана бере алат.

–  Сиз  үчүн  поэзия  эмне?  Жашообу,  кумарбы,  хоббиби,  талантпы?..

– Поэзия – мен үчүн жашоомдун маңызы. Ошон үчүн мен кезинде: “Мен дүйнөгө экинчи ирет жаралбайм, А жаралсам, акын болбой кала албайм”, – деп да айттым эле.

– Азыркы акындарга эмне жетишпейт? Талантпы? Эмгекпи?  Уйкаштыктарбы?  Изденүүчүлүкпү? Тереңдикпи? Ойлорбу? Эмне?..

– Л.Толстой: “Таланттын токсон тогуз пайызы – эмгек”, – деп айтканы бар эмеспи. Ан-дыктан, Кудай берген таланты бар адам да көп окуп, көп изденип, терең ой айтууга жан сабашы керек. Чыгармага оригиналдуулук өтө керек. “Уйкаштык – ырдын кийими”, – деп айтылат. Форма жагынан, ал турсун жада калса уйкаштык жагы-нан да жаңылыктар болгону жакшы.

–  Кыргыз  акын-жазуучуларынын шору эмнеде? Бактысы эмнеде? Жаштарга эмне насаат айтар элеңиз?

–  Негизги  шору  кыргыздар саны аз эл экендиги. Андан  да  шору,  окурмандар  манжа  менен  санагы-дай азайып кеткендиги. Андан  да  шору  керек  болсо, акын-жазуучулар өздөрүн гана  гений,  калгандарын түркөй ойлоп, дагы бири-биринин  чыгармаларын дээрлик  окубагандыгы. Бактысы кыргыз адабия-ты түптүү адабият. “Манас” баш болгон эң сонун эл-дик ооз эки чыгармалар-дан тартып, Ч.Айтматов

баш болгон кайталангыс таланттарыбыз  социализм  убагында  эле  бир топ  мыкты  чыгармала-рын калтырып кеткендиги. Жаштарга айтарым, азыр  дүйнөлөшүүдөн улам алкак кеңейип, Жер планетасы бир чоң кыштакка окшоп калды. Адабияттын башка атаандаштары  да  көбөйдү. Андыктан,  аябай  көп окуп, албан билим корун, чоң тажрыйба топ-топ, көп изденүү менен мыкты табылгаларды жаратышы керек.

– Улуттук адабияттын келечеги бар деп ойлойсузбу?

– Адабият туура-луу айтсак, таланттуу жаштар бар болгон соң, демек, улуттук адабияттын келечеги да бар! Мен кыргыз улутунун көрөңгөсүнө терең ишенем. Улуу “Манасты”, Чыңгызды берген эл кайсы заман болсо да кайнап чыгаруу турулуу иш. Деги эле адабият жок болсо, анда адамзат да жоголот. Анткени, ада-бият адамзаттын тарыхын улам көздөн өткөрүп, бүгүнкүсүн таразалап, келечек-ке жол чаап, адамдагы асыл сапаттардын баарын арттырууга өбөлгө түзүп келет. “Адамдар эң алыскы жылдыздарга да учуп жетишти. Бирок, мен үчүн андан да бийик жылдыздар бар – бул адам-заттын ички жан дүйнөсү”, – деп Расул Гамзатов айтмакчы, техникалык про-гресс канчалык өнүгүүгө жетпесин, баары бир адам адамгерчилиги, ыйманы менен ыйык болуп кала берет. “Адам – китепсиз өзүн жоготот”, – деп Ч.Айтматов айтмакчы, кайрадан айбандык деңгээлге түшүп кетпеш үчүн адамзат ар дайым өз ру-хун чыңдап, өнүктүрүп жүрүп олтурушу керек.