Бишкекте бийлик кортежинин унаасынын катышуусунда жол кырсыгы болгону айтылууда

Бишкекте Land Cruiser Prado жана Chevrolet Suburban унаалары кагылышып, алардын бири ЖМКлардын маалыматы боюнча бийлик адамдарды коштогон кортеждин курамына кирери айтылууда.

Кырсык бүгүн 8:20да мамлекеттик жол аталган Чыңгыз Айтматов атындагы проспектиде болгон.

Унаалардын бири кортежге таандык экенин ырастаган расмий маалымат жок.

Булак: Кабар