Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»

 

(Башталышын бул жерден окуңуз)

Кыз да аны түшүнүп, адегенде ошонусуна маашырланып, атайылап эле кээде алаканын чапкылап, үнүн бек-бек чыгарып, буттарын тапылдатып чуркап келчү. Чымчыктардын чыйпылдап, аны бу жерден алаксытууга болгон аракетине кытылдап күлүп, жыргап калчу.

Бара-бара чымчыктардын үйүр алып, коркпой калышканы Дүрайым үчүн абалкыдан да башкача жагымдуу сезиле баштаган. Үйдөн даяр таруу, арпа-буудай уучтап келип бактын түбүнө чачып, таранчылар да аны күтүп, улам үй тарапка акмалап карап калган адат таап, бара-бара ынак болуп кетишкен. Ал түгүл алар кыздын ийнине, төбөсүнө да конуп алганга үйрөнүшкөн. Алардын бу кызыгына ата-энеси түгүл, коңшу-колоңдор, айылдын эли бүт айран-таң калыша турган болду. Ансайын Дүрайымдын кубанычы койнуна сыйбай, кичинекей досторуна ого бетер тартылып, ого бетер жакынсый берген. Ошондой күндөрдүн биринде уядан чыйпылдап, секирип түшчүдөй баштарын сереңдеткен балапандарды көрүп, ансайын бакытка бөлөнгөн.

Бир күнү кызык окуя болгон. Эртең менен келип караса эле, балапандардын бири уядан түшүп, өлүп калыптыр. Эки ийнин солкулдатып ыйлап отурса, Күнайым келип калган. Бир чети курбусуна, бир чети балапанга боору ооруп, же балким булардын үстүнөн аркы-терки кайкып учуп, чырылдаган эне-чымчыктарды аяган Күнайым тизелеп отура калып, кош алаканын жансыз балапандын үстүнө жапкан.

– Эмне кылып жатасың? – деген Дүрайым ыйын дароо токтото калып. Чындыгында ал чымчыктарын курбусунан кызгана турган. А бирок кичинекей курбусу үн каткан эмес. Ошо отурган калыбында көздөрүн жумуп, көпкө чейин үнсүз отурган. Анын аракетин түшүнгөндөй чымчыктар да абалкысындай чырылдабай, экөө эки жерге конуп, унчукпай калышкан болчу.

Заматта айлана-тегеректи кулак-мурунду кескендей жымжырттык уялап, бирок бул абал Дүрайымдын ичин бышырып, ыңгайсыздык жаратып жиберген болчу. Ал Күнайымга караганда өзүн кичинекей досторунун алдында алда канча алсыз сезип кеткен. Айткандай эле бир канча убакыттан кийин балапандын чийдей болгон буттары “дирт-дирт” эте түшкөн да, жумулган көзү ачылып, ордунан тура чуркачудай жанталашып жиберген. Ошондо гана Күнайым аны колуна алып, эки алаканынын ортосуна кармап турган да, жерге коё берген.

Демин ичине жутуп, жымылдаган айлана-тегерекке жан кире түшкөн. Чымчыктар чурулдап учуп келип, туш келди чуркаган балапандын артынан чуркашкан. Дүрайым же ыйларын, же күлөрүн билбей сенейген.

– Дүрайым, – деп колунан кармаган курбусунун колун:

– Кетчи, ары! – деп кагып жиберип, үйүн карай чуркаган болчу.

– Эмне болду сага? – деген эне. Эмне болгонун айтып бере албай, көпкө чейин өпкөлөп ыйлаган ошондо.

– Мен аны жек көрөм! – деген бир оокумда.

– Кимди, ботом?

– Күнайымды!

– Эмне болду дагы?

– Эчтеке! – деген кыз ошол Күнайымдай сулуу, кыйын кылып төрөп койбогону үчүн апасына да таарынган.

– Балам, – деген кийин, булар эс тарта баштаган кезде апасы. – Антип таарына бергенден пайда жок. Курбу-курдаштан да чыгып каласың, балам. Таарынып, ичи тардык кыла берсең Күнайым да жанына жуутпай коет. Андан көрө анын тилин таап, жакын курбу болсоң, башкалардын аарсында кадыр-барктуу болосуң. Экинчиден, анын сырын тартып, билгенин акырындан үйрөнүп, билип албайсыңбы. Ал деле баарын билген бойдон туулуп калган жок да. Ал деле атасынан үйрөнүп жатпайбы, ботом.

– Атасы мага деле үйрөтсүнчү! Күнайымдан үйрөнгүм келбейт!

– Кой, балам. Андай кишилер баарына эле сырын ачып, касиетин бере бербейт. Антүүгө шаасы деле жетпесе керек. Кызы болсо дайым жанында, көз алдында. Анын үстүнө канында бар да.. Сезимтал кыз…

Апасынын акыркы сөзү ага канчалык катуу тийсе да, эп көргөн. Ошондон кийин: “Ооба, адам жасаганды – адам жасайт. Андан менин эмнем кем? Ошентейин. Үйрөнөйүн”, – деп өзүн-өзү тарбиялоого, өзүн-өзү алдоого өттү да. Баягысындай курбусуна кырданып, кыял көрсөткөнүн, таарынганын азайтып, анын акыл-дээрин, туюм-сезимин аңдып, кыймыл-аракетине абай салып, акмалап калды.

Айткандай эле ушундан кийин ал кыйла өзгөрдү. Аны менен кошо, ага карата ата-энесинин да, башкалардын да мамилеси өзгөрүп баратты. Ансайын, кудум Күнайымдын өзүнө айланып бара жаткандай өзү да токпейил тартып, көп нерсеге бел байлачу болду. Адегенде курбусу ага тамыр кармаганды, кайсы ооруга кайсы дары даба экенин үйрөтө баштады. Бирок бул да оңой үйрөнө койчу нерсе эмес экенин билди. А бирок курбусу экөөлөп, кыйынчылыктарды акырындан жеңип келе жатышты.

Анткен менен Дүрайым: “Бул мага билгенин бүт үйрөтүп жатабы же кайсы бир учурларын жаап-жашырып, катып алып жатабы?” – деп көп учурда шек санай берчү. Ал эми Күнайым анын эмнени ойлоп, эмнени каалап жатканын, баарын тең эле кенедей кездеринен тарта билип, туюп турчу. Бирок, эмнегедир таарынчу эмес. Сыягы, аяса керек… Жылмайып коюп тим болчу да, бир убакта эч нерсе болбогондой кайра эле өзү күлүп-жайнап сүйлөп калчу. Курбусунун мындай айкөлдүгү Дүрайымга канчалык жагымдуу болгону менен, кайра ошончолук жагымсыз да эле. Ансайын анын алдында өзүнүн алсыздыгын сезип, жек көрүүсү ансайын күчөп кетчү. Ушундай учурларда:

– Туура, кызым. Сеники да туура… Бирок элде: “Бактылуу менен баарлашпа, таалайлуу менен талашпа” деген кеп бар. Ага таарынып, ага өчөшкөндөн эмне табасың? “Ооба, сеники чын”, – деп коюп, дагы билгениңден биле элегиң көп, үйрөнүп ал, кызым. Күнайым экөөңөр эмне, өмүр бою ушинтип “Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт” болуп, бирге жүрмөк белеңер? Ал – бир жерге, сен дагы бир жерге бүлө болуп кетесиңер. Ошондо, ал барган жеринде – күн болсо, сен – ай болосуң, – деп апасы жардамга келчү. “Айтса, айтпаса төгүнбү?” – деген кыз ошол күндүн ылдам эле келишин каалап кетчү. Күнайымдан кутулса эле бүт дүйнөгө өзү жалгыз сулуулуктун ханышасы болчудай, баары аны гана карап, баары ага гана суктанып, тамшанып карап калчудай сезилчү. Бирок ошол күн ушинтип келерин, Күнайымдан так ушинтип “кутуларын” ал анда кайдан ойлоду дейсиң?..

(Уландысы бар)

 

 

3 thoughts on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Комментарии закрыты.