Мамлекеттердин алакасы да, лидерлердин алакасы да жакшы

17-ноябрда Президент Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Санкт-Петербургдагы VI эл аралык маданий форумдун ачылыш аземине катышуу үчүн Россия Федерациясына иш сапар менен барды.

Иш сапардын алкагында Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Владимир Путин Алмазбек Атамбаевди жылуу кабыл алып, Кыргызстандын Мамлекет башчынын алгачкы сапары дагы, акыркы сапары дагы Россияга жасалгандыгынын белгилүү бир символу бар экендигин белгиледи.

“Сиздин Кыргызстандын Президенти кызматында иштеген мезгилде эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин сапаты олуттуу өзгөргөндүгүн белгилөө мен үчүн абдан жагымдуу. Сиздин республика Евразия экономикалык бирлигинин мүчөсү болду. Экономика, коопсуздук чөйрөлөрүндө эки тараптуу планда мамилелерибизди кыйла илгерилеттик, тышкы чек араларыбызды чыңдаганыбызды, ошондой эле гуманитардык чөйрөдө кызматташууну айтып жатам”, – деп ал А.Атамбаевдин Санкт-Петербургга жасаган сапарына абдан кубанычта экендигин белгиледи.

“Чакырууну кабыл алып, маданий форумга келгендигиңиз мага өзгөчө жагымдуу. Бул абдан масштабдуу, абдан кызыктуу иш чара экендигин көрөсүз. Ал Россиянын маданий борбору Санкт-Петербургда алтынчы жолу өткөрүлүп жатат”, – деди В.Путин.

Россиянын Президенти А.Атамбаевди гуманитардык кызматташуунун тереңдетилерине жана Алтай цивилизациясын мындан ары изилдөөгө багытталган демилгени колдой турганына ишендирди.

“Көп жылдар бою, балким кылымдар бою элдерибиздин ортосунда калыптанган байланыштарды бекемдөө, өнүктүрүү багытында сизде көп идеялар бар экендигин билем. Бул тармакта сиздин демилгелериңиз жакшы, аларды биз колдогонбуз, келечекте дагы колдой беребиз деген ниеттебиз. Элдерибиздин ортосунда мамилелердин тамыры терең экендигин баса белгилөө абдан маанилүү деп эсептейм. Биз бул туурасында сүйлөшкөнбүз. Алгачкы чоң иш чараны сиздер Кыргызстанда өткөрдүңүздөр. Биз Россияда да аянтча тартуулаганга даярбыз”, – деп баса белгиледи ал.

Президент Алмазбек Атамбаев өз кезегинде көп кылымдык тарыхый байланышы бар өлкөлөр ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү деңгээлине канааттангандыгын белгиледи.

“Быйыл биз Алтай форумун өткөрдүк, ага 30га жакын өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Ал тургай Кыргызстанда Дүйнөлүк Алтай конгрессин өткөрөлү деп макулдаштык. Биз тарыхыбызды билишибиз керек. Анткени басып өткөн жолун билбеген эл келечекке жол таба албайт. Кыргызстан менен Россиянын ортосунда калыптанган деңгээл кылымдарга, түбөлүккө сакталып калышын каалайм. Мунун баарын талкалап, бычыратып, башка тарапка алып кетүү аракеттери болгондугун сиз жакшы билесиз. Бул жагынан алганда акыркы алты жыл мен үчүн абдан татаал болду. Мына ушул биз калыбына келтирген боордоштук мамилелер мындан ары дагы жалаң бекемделиши үчүн мен, албетте, чындап күйөм”, – деди Президент.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-россиялык кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана мындан ары өз ара аракеттенишүүнүн келечегин, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн да талкуулашты.

Ушул эле күнү Президент Алмазбек Атамбаев Санкт-Петербургга жасаган иш сапарынын алкагында Санкт-Петербургдагы VI эл аралык маданий форумдун чоң салтанаттуу ачылыша катышты.

Россиянын Президенти Владимир Путин Форумдун ачылышында Президент Алмазбек Атамбаевдин форумга келишин куттуктады, ошондой эле салтанаттуу иш чаранын катышуучуларына кайрылды.

«Алты жылдан бери дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн чыгармачыл ишмерлери Санкт-Петербургга искусствонун, билим берүүнүн, тарыхый жана маданий мурастарды сактоонун актуалдуу проблемаларын кесиптештери менен талкуулап, өз идеялары менен бөлүшүү, гуманитардык кызматташууну өнүктүрүүнүн жаңы багыттарын аныктоо үчүн чогулушат”, – деди ал.

Эскерте кетсек, Президент Алмазбек Атамбаев Санкт-Петербургдагы VI эл аралык маданий форумдун ачылыш аземине Россиянын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен барган.

Т.ИСХАКОВ