Куттуктайбыз! Сыйлык силердики, сыймык биздики

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 20-ноябрда Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана экономикалык, социалдык реформаларды өткөрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишиндеги жогорку жетишкендиктери үчүн өлкөбүздүн бир топ жарандарын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Алардын айрымдарын атай кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси Ниязов Фарид Абилезимович II даражадагы «Манас» ордени, Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси Илмиянов Икрамжан Саттарович III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланышты. Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Темирбекова Айнура Кубанычбековнага «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамы берилди.

Ошондой эле бир топ басма сөз кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту. «Биринчи радионун» башкы редактору Сыдыкбекова Таалайгүлгө жана «ЭлТР» мамлекеттик телерадио берүү компаниясынын башкы директору Мусаев Айбекке «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наам ыйгарылды.

«Кыргыз Туусу» басма үйүнүн башкы редакторунун биринчи орун басары Тыналиев Мырзакат, «Эркин Тоо» гезитинин саясый баяндамачысы Чамашев Азизбек, журналист Керимбаев Нурканбек, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Ала-Тоо 24» маалыматтык каналынын продюссери Молдакунов Мирбек Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланышты.