Президент Алмазбек АТАМБАЕВ: «Келечекке жакшы сабак бере алдым»

 20-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкө башчысы катары акыркы жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрдү. Өлкө башчыга кандай гана суроолор берилбесин ойкутуп-кайкытып, жымсалдабастан адаттагыдай эле болгонун болгондой ачык, так жооп берди.

 Казакстан менен болгон мамиле тууралуу

Астана менен мамиле калыбына келет. Бул Казакстан үчүн дагы, ачык айтайын Россия үчүн дагы өтө маанилүү. Мен өзүмдүн кадамымды туура деп эсептейм. Мен келечекке жакшы сабак бере алдым. Эми кийинки парламенттик дагы, президенттик дагы шайлоолордо биздин ички ишибизге кийлигишерден мурун жакшылап ойлонушат. Эгер келечекте кимдир-бирөө бийликке өзүнүн кол баласын алып келүүгө аракет кылса, Кыргызстан аны кабыл албайт. Биз өзүбүздү сыйлашыбыз керек. Бул сыноолор кайра бизди күчтөндүрөт. Мындан Казакстанга жакшы, бизге эле жаман болду деп ойлобойм. Тескерисинче биз кайра чымырканып күчтөнөбүз, ал эми Казакстанда бардыгы болуп кетиши мүмкүн. Биздин эл миңдеген жылдардан бери мындай кыйынчылыктардын далайынан өткөн. 6 жылдагы 2 блокаданы дагы өтө алабыз. Бирок андан туура жыйынтык чыгарып, алсыз жерибизди таап, анын үстүнөн иштеп, кийинки мындай блокадаларга башыбызды оорутпагандай болушубуз керек. Албетте, түзүлгөн абал жөнгө салынат. Казакстан өзүн бир катар дүйнөлүк уюмдардын мүчөсү экенин айтып, аябай кадыр-барктуу кылып көрсөткүсү келип жатат. Бирок ал болбогон иш экенин убакыт көрсөтүүдө.

Жаңы Президент Сооронбай Жээнбеков тууралуу

Мен чынында 15-октябрда ким Президент болуп шайланаарын билген эмесмин. Бизди Кудай өзү сактады. Эгер Бабанов президент болуп шайланганда, Кыргызстанды ал башкармак эмес. Бизди кайдагы бир Утемуратовдор башкармак. Ким гана президент болуп шайланбасын, ал баары бир ажыдаар боло албайт. Анткени референдум аркылуу былтыр Башмыйзамга өзгөртүү киргизгенбиз. Ал эми досум Сооронбай Жээнбековду мен 22 жылдан бери жакшы билем. Кандай гана оор күндөр болбосун ал менин жанымда болду. Ал дасыккан, даанышман адам. Өлкөнү татыктуу башкарууга даяр. Туура эмес жол менен кетет деп ойлобойм. Азыр Конституция дагы, эл дагы башка. Сооронбай Жээнбеков жумшак киши дегенге дагы кошулбайм, жини келсе Обаманы да «чык эшикке» деп да кууп чыгат.

Жаңы элчи Жусупбек Шарипов тууралуу

Сооронбай Жээнбековдун агасы Кувейтте элчи болгону үчүн эле акылга сыйбас ар кандай ушактар тарап кетти. Ошонун айынан Жээнбековду аз жерден салафит кылып жибере жаздашты. Украинага элчиликке дайындоо боюнча тапшырманы мурда эле бергем. Болгону Жусупбек Шариповичти дайындоо ушул күндөргө туура келип калды. Эми Жээнбеков Украинаны жактайт, чочконун этин жейт деп чыгышпаса эле болду.

ГЭСтер боюнча

Мен президенттик мөөнөтүмдө ишке ашыра албай калган иштеримдин бири Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтердин курулушу болду. Бирок мен мунун акырына чыгам, керек болсо инвесторлорду өзүм табам. Биз туура кылганбыз, анткени бул ГЭСтер бирөөнүн колунда курулбай жата бермек. Камбар-Ата ГЭСи дагы курулбай кала бермек. Дагы 20 жылдай жөн эле турмак. Эң башкысы биз башын ачып алдык. Кийинки инвесторлорго дагы жакшы сабак болду. Курбайсыңбы 1 миллион долларыңды жоготосуң. Келдиңби, анда убадаңды аткар. «Лигласс Трэйдингдин» мисалында биз бардык инвесторлорго сабак бердик.

Бабанов боюнча

Бабановдун Он-Адырда эмне деп сүйлөгөнүн баарыңар уктуңар да? Ошентип сүйлө деп аны мен же башка бирөө мажбурлаган жок да. Чынында Бабановду аяп жатам. Келечеги кең болчу. Түз жолунан өзү адашты. Элине каршы чыкпаш керек эле, бир нерсе уюштурам деп акчага алданбай түз жолу менен кете бериши керек болчу. Рейтинги деле мыкты эле. Чет жакка барып жүгүнбөй, Утемуратовго окшогон олигархтарга сатылбай эле жакшынакай бара бергенде балким шайлоодо утуп чыгат беле. Бирок ал өз элине каршы чыкты. Мен ага чынында боорум ооруйт. Түз кете берсе, келечеги башкача болмоктур. Максим, Айдарлардын бактериялары жугуп калса керек.

Жаңы Өкмөт тууралуу

Жаңы Өкмөттүн аракеттери жаман эмес, бирок айрым кемчиликтери да болду. Ал жактын курамы дагы жаңыланат го, анын арасында министрлер дагы. Жакында вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиев кызматынан кетти. Өкмөт курамында кандайдыр бир өзгөрүүлөр болот, мындан дагы күчтүү болот. Өзүңөр билгендей 1-декабрдан тартып Конституциядагы айрым өзгөрүүлөр күчүнө кирет. «Таза коомго» багыт алып, туура жолдо кете берет. Ал ачык, таза болсо өлкөдө туура эмес иштерди жасоого оор болуп калат. Алар ишин эми эле баштабадыбы, иштегенге мүмкүнчүлүк беришибиз керек.

«Коопсуз шаар» долбоору боюнча

Мен билем, Сапар Исаков эч качан бир тыйын дагы албайт. Ал башкача тарбияланган. «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырам деп, Бабанов ондогон адамдарга, анын ичинде орусиялык криминалдык топтун өкүлүнө эстелик тапанчаларын тараткандай окуя болбойт деп айта алам. Исаков азыр эл дагы, өлкө дагы башка экенин жакшы билет. Мунун баарын ачык, таза ишке ашырат деп ишенем. «Таза коом» программасы дагы ушундай ачыктыкка багытталган.

Куралдуу күчтөр жана Генштабдын башчысы тууралуу

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү кандай гана кырдаал болбосун татыктуу жооп бергенге жарайт деп сыймыктануу менен айта алам. Бүгүнкү армиябыздын абалы башка. Балдарыбызды армияга жиберет элек, албайт жатышат деп мага чейин кат жазган ата-энелер да болууда. Чыныгы армияны түзүүдө мага Раимберди Дүйшөмбиев чоң жардам берди. Ал жаңы барганда Генералдык штабдын курамын 30 пайызга кыскартты. Ал жакта кимдир бирөөлөрдүн туугандары, ал гана эмес ойноштору отурган. Ал кыскартканда дагы абдан акылдуулук кылды. Алыскы чек ара бекеттерине жөнөттү эле, өздөрү кызматтан баш тартышыптыр. Андыктан ал ээлеген ордуна татыктуу.

Эрнис БАЛБАКОВ, «Кыргыз Туусу»