Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Азия чемпиону болду

14-май күнү Айсулуу Тыныбекова Делидеги Азия чемпионатында 58 кг чейинки салмак категориясында Азия чемпионаты болду. Бүткүл дүйнөлүк күрөш ассоциациясынын сайтындагы маалыматка ылайык, А.Тыныбекова финалда индиялык спортчу Саританы 6:0 эсебенде жеңген.

Ошентип, А.Тыныбекова күрөш боюнча Азиянын эки жолку чемпиону болду.
Буга чейинки финалга чейин А.Тыныбекова чейрек финалда казакстандык спортчу Гулшахрат Таласованы 10:0 эсебинде жана жарым финалда япондук Кацуки Сакагаманы утуп алган. Бул кыргызстандык 17 спортчудан турган курама команданын биринчи алтын медалы.

One thought on “Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Азия чемпиону болду

Комментарии закрыты.