Бюджет боюнча мыйзам долбоору жактырылды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 20-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңейтилген жыйынына катышты.

Кеңешме жыйынтыгы боюнча парламентарийлер «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбооруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун жактырды.