“Кыргыз бренди – 2017”: Санына эмес сапатына карап аныкталды

Атамекендик ишкерлер үчүн 2017-жыл абдан жооптуу болууда. Анткени, экспорт багытындагы ишканаларга колдоо көрсөтүү жана жалпы эле өндүрүш көлөмүн арттыруу үчүн ишкерлерге жардам берүү боюнча мамлекет бир кыйла чечимдерди кабыл алган.

Күтүлбөгөн кыйынчылыктарга карабай, кыргызстандык айрым ишканалар өндүрүш көлөмүн жакшырта алышты. Эң алды менен алардын сапат үчүн күрөшүп иштегендери сыймыктанууга арзыйт. Бир кылымга тете тарыхы бар “Кыргыз Туусу” гезити өткөн аптада “Кыргыз бренди–2017” жана “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын мыктылары боюнча сынактын жыйынтыгын чыгарып, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшыруу аземин өткөрдү.

Гезиттин башкы редактору Э.Балбаков сыйлык тапшырууда

Бишкектеги Т.Абдумомунов атындагы кыргыз академиялык драма театрына республикабыздын чар тарабынан чакырылган сыйлык ээлери менен алардын күйөрмандары толтура келишти. Чынында, бренд ишканаларын тандоо оңойго турган жок. Алар санына эмес ишинин сапатына жараша аныкталды. Ал эми республика аймактарындагы он айдын ичинде жетишилген ийгиликтерине, ишке жаңычыл мамиле жасагандарына жараша облустун, райондун жана айыл өкмөт башчыларынын иштери татыктуу бааланып, вымпелдер жана грамоталар, дипломдор берилди.

Тандоо аркылуу атайын сертификатка ээ болгон бренд ишканаларга жана аткарган иштери атайын критерийлерге жооп берген жетекчилерге сыйлыктарды тапшыруу үчүн Миталип Мамытов, Кемел Ашыралиев, Жыпар Жекшеев, Бактыгүл Чотурова сыяктуу калкыбызга аттын кашкасындай белгилүү инсандар келишти. Аймактардагы мамлекеттик администрациялардын иштерин жакшы билген жана айыл өкмөттөрү менен алакалашып, алардын жетишкендиктери менен кемчиликтерин жакындан түшүнгөн орган – КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер мамлекеттик агенттиги деп эсептейбиз. Сыйлыктарды тапшырууда аталган агенттиктин өкүлү дагы келип, гезитибиздин бул жааттагы жүргүзгөн иштерине ыраазычылык билдирди.