Жарыяланганга кайрылабыз: «Айтматовго кайдыгерлик жасоого болбойт» же Айтматовдун айкели ажарына чыгабы?

Газетабыздын жакындагы санына дал ушундай аталыштагы сын материал жарыяланган. Макалада заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовго татыктуу айкел тургузулса деген аруу тилек менен 6 жылдай өзүм жетектеген демилгелүү топтун талбаган аракет жигери менен тургузулган айкел кароосуз калганы чагылдырылган. Бирок, тилекке каршы, облустун борбору Талас шаарындагы Чыңгыз Айтматовдун колодон жасалган татыктуу айкели эки жылдан бери кароосуз калганы каңырыкты түтөтүп келет.

Ал тууралуу «Кыргыз Туусуна» сын материалдар жарык көргөн. Бирок жергиликтүү бийликтеги жетекчи чиновниктер реакция кылганга акыл дараметтери жетпей, кайдыгерликти көк желкеге мингизип, кабагым кашым дешкен эмес. Балким, ой чабыттары, ой көрөңгүлөрү чектелүү чиновниктер Чыңгыз Айтматовдун айкелин башка көптөгөн бюсттардын бири катары көрүшсө керек. Ошондуктан залкардын айкелине түнүндө шоола чачкан эки прожекторду орнотууга эрктери жетпеди. Эки жылдан бери постаменттин плиталары түшкөн, талкаланган, ала-була болуп, кунарсыз көрүнүшкө айланган жерлерди оңдоп түздөшпөдү.

Анан өкүнүчтүү көрүнүш болду. 20-октябрь күнү Талас шаарында «Салттуу маданияттын жумалыгы» деп аталган республикалык чоң маданий иш чара өтүп, өлкөнүн жети дубанынан келишкен 300дөй өкүл Талас облустук драмтеатрдан Чыңгыз Айтматовдун айкелине гүлдесте коюшту.

Ага удаа башталган ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн коллегиясынын отурумунун жүрүшүндө трибунага чыккан Талас шаарынын мэри А.Жусупбековго карап ал кездеги Өкмөттүн өкүлү азыркы вице-премьер министр Дайыр Кенекеев: “Республиканын жети облусунан келишкен 300дөй өкүл менен улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун айкелине гүлдесте койдук. Ал жердеги эстеликтин постаментиндеги талкаланып түшкөн, ала-була болуп, бүлүнгөн көрүнүштөн уялганымдан башым жерге кирип кете жаздады, өтө ыңгайсыз абалда калдым”, – деп катуу туталанып Талас шаарынын мэринин дарегине ачуу сын айткан эле.

Бирок шаар мэриясына баягы эле түртмөк керек окшойт. Дегеле чиновниктер билмексен, байкамаксан. 31-октябрь күнү ыйгарым укуктуу өкүлдүн 1-орун басары Ч.Төрөкуловго кирип, «Кыргыз Туусуна» жарык көргөн материалды көрсөтүп, чара көрүүнү сунуш кылууга туура келди. Чолпон Асылбекович Талас шаарынын 1-вице мэри Ч.Мураталиев Бишкектен 2-ноябрда келээр замат терс көрүнүштү четтетип, залкардын айкелин оңдоо иштери жүргүзүлөөрүн убада кылды. Ч.Мураталиев жакында постамент оңдолоорун редакцияга билдирди.

Козубек ИМАНКУЛОВ, «Кыргыз Туусу»