Исакеевдин акыркы өтүнүчү

Үч миң жылдык тарыхы бар кыргыз эли башынан нечендерди өткөрдү. Акыркы эле бир кылымдын ичиндеги миңдеген, он миңдеген адамдардын өмүрүн кыйган кандуу көтөрүлүш, кызыл кыргын, адам чыдагыс азап-тозокко алып келген 1916-жылдагы каргашалуу окуялар, жүздөгөн мыкты азамат уулдарынан айрыган 30-жылдардагы репрессиялар кыргыз элинин өсүп-өнүгүшүнө бир катар тескери таасирин тийгизди. Кыргыз эли И.Арабаев, И. Айдарбеков, Ж.Абдракманов, А. Сыдыков. Т.Айтматов, Б.Исакеев, К.Тыныстанов, А.Орозбеков ж.б. улуттук интеллигенциясынын алдыңкы өкүлдөрүнөн, көрүнүктүү чарбалык кызматкерлеринен, мамлекеттик ишмерлеринен ажырап калды. Жакында жарыяланган Кыргыз Республикасынын Президентинин “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө” жарлыгы ушундай инсандардын элге сиңирген эмгегин урматтоого арналган. Кеп кезеги – көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Исакеев Баялы Дыйканбаевич жөнүндө.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Б.Исакеев 1897-жылы 23-сентябрда Нарын уездинин Үчүке болуштугундагы (азыркы Кочкор районундагы) Үкөк деген айылда туулган. Баялынын атасы Дыйканбай насили манап тукумунан болсо дагы байлык менен бийликке умтулбаган, аштык айдап, дыйканчылык кылып, малын багып, өз оокатына тың, күжүрмөн адам болгон. Ал киши 1900-жылы каза болуп калып, Баялы Дыйканбайдын агасы Исакенин колунда тарбияланат. Айрым маалыматтарга караганда, Исаке оокаты жетиштүү, эл ичинде кадыр-барктуу адам болгон экен. Учурунда Мекеге зыяратка барып, ажы болуп кайтыптыр. Баялы айылдык мусулман мектебинде 3 жыл окуйт. 1913-жылы Исаке да дүйнөдөн кайтат. Ушул жылы идиреги бар, зээндүү, келечегинен көптү үмүттөндүргөн Баялыны атасынын досу Акмолдо жергиликтүү бийликтер менен макулдашып, Нарын шаарындагы орус-тузем мектебине алып барат. Ал жерде ал 3 жыл окуйт. Орусча жазганды, сүйлөгөндү үйрөнөт. Өзгөчө эсеп сабагына кызыгат. Ал кезде мындай билимге жетишүү ар кимдин эле колунан келип, шыбагасына жазылган эмес. Баялы дагы андан ары окуусун уланткысы келет, бирок атасы жок жетим балага каражат табуу кыйын эле. Андан сырткары, 1916-жылдагы кандуу окуя да анын ойлогон оюна жеткирген эмес.

Баялы жаштыгына карабастан улуттук боштондук күрөшүнө активдүү катышкан, 50-60 адамдын башчысы болгон. Бирок падышалык бийликтер көтөрүлүштү ырайымсыздык менен баскандан кийин, туугандары менен Кытайга качууга аргасыз болот. Качып бара жатканда, жолдо, чек арада көтөрүлүштүн башчылары менен бирдикте колуна курал алып, качкындарды талап-тоноодон, өлүмдөн, ар кандай кырсыктардан сактап калууда чоң аракеттерди жасаган.

Баялынын Үркүндө өз башынан өткөндөрү, көргөн кордуктары аны чыйралтты. Анын турмушка болгон көз карашын кеңейтти. Кийин, 1916-жылдагы көтөрүлүш жөнүндө изилдөө жүргүзүп, бул кайгылуу, кандуу окуя жөнүндө 1931-жылы Фрунзедеги «Интергельпо» клубунда жумушчулардын алдында доклад жасаган. Бул эмгек кийин орусча, кыргызча эки жолу басылып чыккан. Нарында жүргөндө Кумбел-Ата почта бекетине орус тилин билген адам керек болгондугун угуп, ал жерге адегенде кароолчу, андан кийин почта арабакечи болуп иштейт. Эки айлык тапкан бир аз тыйынын алып, үй-бүлөсүнө учурашканы айылына келсе, ал кезде элди жокчулук басып, жугуштуу оору аралап, ачкачылык каптап, энеси, агасы, иниси, жана карындашы өлүп калышкан экен. Бакандай эр-азаматтын белин кайыштырган мындай чоң жоготуу жаш өспүрүм Баялыны бир топ кайгыга салат. Ал акыл токтотуп, белин бекем бууп, мындан аркы келечек жашоосу үчүн аракетин баштайт.

1920-жылы почта-телеграф станциялары мамлекеттик ишканага айланганда, Б. Исакеев өзү иштеген станциянын башчысы болуп дайындалат. 1920-жылы 10-сентябрда Б. Исакеев большевиктер партиясына мүчөлүккө кабыл алынат. Мына ошондон баштап аны партиялык -советтик кызматка көтөрө башташат. 1920-1921-жылдарда Үчүке (Кочкор) болуштук аткаруу комитетинин катчылыгына, эл сотунун катчылыгына, 1922-жылы Нарын уездинин партия комитетинин үгүт-насыят бөлүмүнүн башчылыгына жана анын бюросунун мүчөлүгүнө шайланган. 1923-жылдын февралынан 1924-жылдын сентябрына чейин Нарын уезддик жана шааркомун, Казак АССРинин Лепси уездинин партиялык комитетинин үгүт-насыят бөлүмдөрүн башкарат. 1925-жылы САКУнун алдындагы 3 айлык курстан, 1925-1926-ж.ж. Москвадагы ВКП (б) БКнын алдындагы уезддик партиялык кызматкерлерди даярдоочу бир жылдык курстан окуп келип, Каракол жана Нарын уезддик, шаардык комитеттеринде, Кыргыз облустук партия комитетинде үгүт- насыят бөлүмүн башкарган. 1927-1928-жылдарда «Кызыл Кыргызстан» (азыркы «Кыргыз Туусу») газетасында редактор болуп иштеген. Өзүнүн билимдүүлүгү, туруктуулугу, ишмердиги, принциптүүлүгү, сөзгө чеберлиги менен калктын калың катмарына таанылып, урмат сыйга ээ болгон.

1928-1929-жылдарда ВКП(б) Кыргыз обкомунун бөлүм башчысы, бюро мүчөсү, 1929-1930-жылдарда Кыргызстандын дыйканчылык боюнча эл комиссары болуп иштеген. Бул жооптуу, ары ардактуу кызматта иштеп турганда республиканын айыл чарбасын жогорулатууга жана экономикасын көтөрүүгө бир топ салымын кошкон. Б. Исакеев партиялык кызматтарда иштеп саясый жактан такшалат. 1930-жылы ВКП(Б) Кыргыз обкомунун экинчи катчылыгына шайланат. Бул кызматтан 1933-жылдын 24-сентябрында бошоп, андан кийин 1937-жылдын 5-сентябрына чейин Кыргыз ССРинин (адегенде АССР) Эл комиссарлар советинин төрагасы болуп иштейт. СССР Советтеринин 6-Бүткүл союздук съездинде СССРдин Улуттар советинин мүчөсү (1931-35), СССР Советтеринин 7-Бүткүл союздук съездинде – СССРдин Борбордук Аткаруу Комитетинин мүчөсү (1935-37), Советтердин 13-Бүткүл союздук съездинде – ВЦИКтин Президиумунун мүчөсү болуп шайланат. 6-Кыргыз облустук партконференцияда ВКП(б) 17-съездинин делегаты болуп шайланган. СССР Советтеринин 6, 7 жана чукул чакырылган 8-съездинин делегаты болгон. Б. Исакеев Кыргызстандын өнөр жайын мындан ары өнүктүрүүдө, көчмөн элди отурукташтырууда, жер-суу реформасын турмушка ашырууда, элдин маданиятын көтөрүүдө көп уюштуруучулук иштерди жүргүзгөн.

Жазуучу Айткулу Убукеев эскерүүсүндө минтип жазган экен: «Ал убакта үйүнө китепти көп жыйнап, Баялыдай көп окуган адам аз эле. Кыргыз обкомунун катчысы, Министрлер Кеңешинин төрагасы болуп иштеген жылдары адабият менен көркөм өнөргө көбүрөөк көңүл бурган». Кыргыз элинин кылымдардан бери келе жаткан баа жеткис мурасы болгон «Манас» эпосун басмадан чыгарууга чоң салым кошкон. Ал иштеп турган учурда, 1935-жылы Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу комитети тарабынан «Манас» эпосун басма аркылуу жарыкка чыгаруу жөнүндө токтом кабыл алынган. Бул токтомдо эпостун жарыкка чыгарылышын каржылоого 80 миң рубль бөлүү тууралуу айтылат. Мына ошондон баштап «Манасты» жарыкка чыгаруу жана орусчага которуу иштери колго алынат. Москвадан мыкты котормочулар чакыртылып, аларга тийешелүү шарттар түзүлүп берилет. Б. Исакеев Москвага барганда Жазуучулар союзунда болуп, ал жерде нечен чыгаан таланттар, союзга, дүйнөгө белгилүү адамдардын алдында «Манас» эпосу жөнүндө кеңири баяндама жасаган. Белгилүү жазуучу Ш. Бейшеналиев Б. Исакеев жөнүндөгү макаласында минтип жазат: «Манасты» изилдеп борбордук басма сөздөргө кыйла макалаларды, «Чоң казатка» баш сөздү жарыялаган редакторлордун бири болгон адабиятчы Е. Мозольков Б. Исакеевдин улуу чыгармага жан дилинен берилгенин өзү күбө болгон эки учурду элүүнчү жылдардын аягында толкундана эскерген.

1-си: Б. Исакеев Москвадан өзүнүн (өкмөт башчысынын) вагонунда Е. Мозольковду, «Чоң казаттын» котормочуларын, редакторлорун, сүрөтчүсүн кошо алып Фрунзеге сапар чеккен 6 сутканын ичинде алардын бүткөргөн жумуштары менен таанышып, өзү «Манастын» окуясын, мазмунун баштан аяк келиштире баяндап, созулуңку, айбаттуу мукам обонго салып айрым эпизоддорду күпүлдөтө айтып, алардын кызыгуусун күчөтүп, кумарын кандырган.

2-си: Е. Мозольков Ала-Арча өкмөттүк резиденциясында эмгектенген маалында 1937-жылдын 5-сентябрында Б. Исакеев ага телефон чалып: «Манасты» аягына чыгара иштеп, жарыкка чыгаргыла, ал жеке биз үчүн эмес эл, жалпы адамзат үчүн керек. Бул менин акыркы өтүнүчүм болуп калуусу мүмкүн. Сизден, өнөктөрүңүздөн өтө суранам. Көрүшпөй калсак, аман болгула», – деп коштошкон.

Үстүндө кара булут айланып, өзүнүн тагдыры татаалданып, кылдын кырында турганын, өмүр бою тапкан ташыганынан, багына туш келип, маңдайына жазылган эң жогорку бийлигинен ажыраганы турганын көрүп, билип, туюп турса да, жан айласы кылып, өзүн сактоонун, коргоонун камын жегендин ордуна, башка бардык өзгөчө зарыл жумуштарын токтотуп коюп, «Манастын» келечек тагдырына кам көрүп, анын жарык көрүп, элдин, калайык-калктын колуна тийип, бүткүл адамзаттын маданий мурастарынын бирине айланып калышына кам көргөндүгү зор эрдик, айкөлдүк эмеспи!

1937-жылдын август айында «Правда» гезитине «Буржуазиялык улутчулдар» деген макала жарыяланат. Бул макалада Б. Исакеевди, Э. Эсенамановду, А. Аилчиновду буржуазиялык улутчулдар деп атайт. 1937-жылдын 5-сентябрында Б. Исакееев Эл комиссарлар Советинин председателинин кызматынан бошотулуп, 10-сентябрда партиядан чыгарылып, камакка алынат. Э. Эсенаманов бюронун курамынан чыгарылып, кызматынан алынат. А.Аилчинов да кызматынан бошотулат. 1937-жылдын 10-сентябрында Кыргызстан КП(б) БКнын бюросунда Б. Исакеевдин персоналдык иши каралат. Ага негизинен төмөндөгүдөй күнөөлөр коюлган: Биринчиси, 1921-1923-жылдарда Нарында жетекчи кызматчылардын бири катары иштеп жүргөндө контрреволюциячыл кудайкуловдук жаатчылыктын активдүү катышуучусу болгон, бай-манаптык элементтерди сактап калуу максатында уруулук күрөштү чыгарган, кедейлерди сабап, камакка алган, законсуз жыйымдарды чогултуп, калкты тоногон, манаптарды жана башка душмандык элементтерди жетекчи кызматтарга көтөргөн. Экинчиси, 1924-1926-жылдарда Караколдо иштеп туруп, бай-манаптардын бийлигин жана феодалдык тартиптерди калыбына келтирүү максатында партияга жана Совет бийлигине каршы күрөшүү үчүн биригишкен Бабакановдун, Тойчиновдун, Ибрагимовдун ж. б. эл душмандарынын улутчулдук контрреволюциячыл жаатчыл тобуна активдүү катышуусун уланткан. Дагы бир себеби, контрреволюционерлер Шоруковду, Темирбековду, Тыныстановду, Алиевди, Кулназаровду ж. б. колдогон. Пантүрктүк контрреволюциялык уюмдун жетекчиси Рыскулов менен тыгыз байланышта болгон деген ж. б. ушу сыяктуу жалган жалаалар жабылган. Ушундай көндүм болгон жалаалардын негизинде улутчул, эки жүздүү катары БКнын курамынан жана партиянын катарынан чыгарылган.

1938-жылдын 5-ноябрында Союздук Жогорку Соттун Аскер коллегиясы тарабынан 1933-жылдан бери улуттук, контрреволюциячыл уюмдун – «Социал-туран партиясынын» жетекчилеринин бири деген жалган жалаа менен айыпталып, «1929-жылдан бери ар кандай антисоветтик, улуттук группировкаларга катышкандыгы үчүн атууга» өкүм кылынат. Б.Исакеев 1956-жылы СССР Жогорку Сотунун Аскер коллегиясы тарабынан (өлгөндөн кийин) акталган. Б. Исакеевдин жубайы Надежда Щеглова Баялы Исакеевдин партиялуулугун калыбына келтирүүнү өтүнгөн арыз менен 1957-жылы 1-январда Кыргызстан Коммунисттик партиясынын биринчи секретары И.Раззаковго кайрылган. Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин бюросу 1957-жылдын 23-январдагы токтому менен Исакеев Баялы Дыйканбаевичтин КПССтин мүчөлүгүн (өлгөндөн кийин) калыбына келтирген. Тарыхчы-изилдөөчүлөрдүн жазганына караганда, Б.Исакеевдин бою ортодон жогору, анчалык семиз эмес, бирок эттүү-жөндүү, тышкы турпатынан башкалардан анчалык айырмаланбаган. Ал табиятынан дипломат болуп төрөлгөн адамдай болуптур. Талаш-тартыш маселелерде эч качан жеңилбептир. Иштегенде чарчоону билбей, узак отуруп иштеп, дем алыш, майрам күндөрүн, отпускасын эң жакын жолдоштору менен өткөргөн. Кичинесинен жетим өскөндүктөнбү, же ошол мезгилдеги опурталдуу замандын жагдайынанбы конокко аз барып, конокту да азыраак чакырган. Жаш кезинде дайыма мал арасында чоңойгондуктанбы, атты аябай жакшы көрсө керек. Кызматтык командировкада болуп, алыскы райондорду кыдырганда да ат менен жүргөн. Үйүндө жакшы жасалган ээр токум жана атка керектүү буюмдар турчу экен.

Баялы Исакеевдин ысымы Кочкор районундагы өзү төрөлгөн айылга берилген. Бишкек шаарында бюсту орнотулган.

Бактыбек МАКСҮТОВ, КР Жогорку Кеңешинин экс-депутаты