М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөбек КАМЧЫБЕКОВ: Ийгиликтерди жаратуунун түпкү сыры

М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык университети өлкөбүздөгү көп баскычтуу, адистештирилген, экономикалык нуктагы азырынча жападан-жалгыз, башкалардан өзгөчөлөнгөн жана базар мамилелеринин негизги шартына толук жооп берген, илим-билимге терең ыктаган мамлекеттик окуу жайы катары калайык-калкка таанымал болуп калды. Курамына лицей, колледж жана бакалавриат, магистратура, аспирантура жана докторантура кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаев А.Ш. «Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиясын 2017-жылга чейинки аралыкта туруктуу өнүктүрүүнүн» акыркы вариантын кароо учурунда, буга чейинки сунуш бергендердин бардыгына ыраазычылыгын билдирип, өзгөчө ПРООНдун жана Кыргыз экономикалык университетинин адистери абдан жакшы сунуштарды бергендигин баса белгилеген. Университеттин алтымыш жыл ичиндеги басып өткөн жолундагы ийгиликтин башаты, тагыраак айтканда бир кездеги техникумду жогорку окуу жай кылып түптөп, көп жылдан бери талбай иштеп келе жаткан тунгуч ректору, экономика илиминин доктору, профессор Т.К. Камчыбековдун талыкпаган эмгегине, изденүүсүнө тыгыз байланыштуу. Улам өргө баштап, илим-билимдин жетишкендиктерин учурунда колдонуп, андан ары карай улап, окуу жайды бийиктикке көтөрүп, эл аралык деңгээлге алып чыгуу, бүтүрүүчүлөргө чын дилден кам көрүү өтө жооптуу иш. Тунгуч ректор муну эң башкы милдети катары кабыл алып, өзүнүн далайдан бери иштешип, кынык алган пикирлештери, шакирттери менен окуу, илим чөйрөсүндөгү келип чыккан маселелерди ийгиликтүү чечип келүүдө.

 – Төлөбек Кадыралиевич, илим майрамына карата өткөрүлгөн жыйында, сиздердин окуу жай “Томсон Рейтер” Эл аралык медиакомпаниянын сертификатын алыптыр, куттуктайбыз!

– Рахмат, өзүңүздөр күбө болгондой Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында илим күнүнө арналып, жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучуларынын курамын жана академиянын кызматкерлерин жолугуштурган салтанаттуу чоң жыйын өткөрүлдү. Бул биргелешип өткөрүлгөн жыйында Өлкөбүздүн Премьер-министри Сапар Исаков катышып, куттуктоо сөзүндө экономиканы өнүктүрүүдө илимий жетишкендиктердин олуттуу мааниси бар экендигин баса белгилеп, илимпоздор олуттуу сунуштарын бере тургандыгына чоң ишеним артып, мындан ары биргелешип иштөөгө чакырды. Бир катар окумуштуулар орошон ойлорун ортого салып, жүйөлүү пикирлерин айтты. Ушул жыйында “Томсон Рейтер” медиакомпаниясынын жетекчилери дагы илимди өнүктүрүүгө, дүйнөнүн өлкөлөрүнө кыргыз окумуштууларынын илимий эмгектерин кантип кеңири жайылтуунун жолдорун айтып беришти. Андан кийин өздөрүнүн иликтөөсүнүн жыйынтыгынын негизинде М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык университетине вебилимди эң жигердүү колдонуучулардын номинациясы, Кыргыз-Түрк “Манас” университетине эң алгылыктуу мекеме номинациясы, ал эми Борбордук Азиянын жерди прикладдык иликтөө институтуна болсо эң натыйжалуу мекеме номинациясы ыйгарылып, сертификаттары берилди.

Сүрөттө “Томсон Рейтер” Эл аралык медиакомпаниянын сертификаты

– Бул кандай компания, түпкү максаты эмнени көздөйт?

– “Томсон Рейтер” медиакомпаниясы, учурда коммерциялык жана илимий мекемелерди базалык түрдүү материалдар, аналитикалык маалыматтар жана маалыматтык чечимдер менен камсыз кылуу жагынан дүйнөлүк деңгээлдеги эң мыкты мекеме болуп саналат. Эң башкысы, көрүнүктүү бул компания финансылык чечимдерди жана тобекелдикти башкарууну кабыл алууга, изилдөө иштерин аткарууга, бухгалтерлик эсепти, юриспруденцияны, массалык маалымат каражаттарын, илимди, ошондой эле дагы бир катар багыттарды тиешелүү материалдар жагынан камсыз кылып турат. Компаниянын учурдагы башкы заказчиктери дүйнөдөгү эң ири эл аралык банктар, инвестициялык, юридикалык жана финансылык компаниялар, илим-изилдөө институттары жана окуу жайлары, ошондой эле маалыматтарды түмөндөгөн кеңири колдонуучулар болуп саналат. Мекеме жыл сайын уникалдуу репортаждарды уюштуруп, соода тармагындагы жаңылыктарды чагылдырып, мыкты деп эсептелген банкирлер, финансистер саясатылар, компаниялардын жетекчилери менен аңгеме маек куруп, аналитикалык отчетторду даярдап, атайын изилдөөлөрдү жүргүзүп, экономика, саясат, социалогия ж.б. боюнча атайын такшалган эксперттер менен иш алып барат. Ушундай тынымсыз дүйнөлүк деңгээлдеги иликтөөнүн жыйынтыгынан улам, жылдык каражатынын айланымдуулугунун көлөмү 12-13 млрд. долларды түзөт. Булардын башкы кеңсеси Нью Йорк шаарында орун алган.

– Жакында сиздердин профессор К.А.Алымбековдун чыгарган илимий эмгеги байгеге татыктуу болуптур, бул боюнча дагы учкай айта кетсеңиз.

– Россиянын Табияттаануунун Академиясынын чакыруусу боюнча 2017-жылдын 2-4 октябрь аралыгында Соода жана ресторандык бизнес институтунун мүдүрү, «Товар таануу, товарларды экспертизалоо жана технологиялар» кафедрасынын жетекчиси, т.и.д., профессор К.А. Алымбеков, Сочи шаарында өткөрүлгөн «ЖОЖдук илимди өнүктүрүүнүн келечектери» аттуу Эл аралык илимий конференцияга катышып келди. Бул конференциянын алкагында өткөрүлгөн эларалык көргөзмө-бет ачарда автордун «Топоздун эти» аттуу монографиясы көрсөтүлгөн. Бул эмгегинде чийки заттын сапаты, азык-түлүктүн органикалык өнүмдөрү жана «жашыл» экономиканын маселелери боюнча бир катар илимий макалалары камтылган, ал Европалык илимий-өндүрүштүк Консорциумдун Европалык сапаттагы (Gold medal “European Quality”) алтын медалына татыктуу болду. Бул Эл аралык жогорку сыйлык профессор К.А. Алымбековдун сапаттуу илимий өнүмдү алуудагы дүйнөгө таанылышы болуп саналат. Бул Сочи шаарында Россиянын Табияттаануунун Академиясынын Күзгү Сессиясынын ишинин жүрүшүндө авторго бул уюмдун мүчө-корреспондентинин окумуштуу наамы ыйгарылды.

– Сиздердин ушундай ийгиликтерди жаратуунун түпкү сыры эмнеде деп ойлойсуз?

– Ушул окуу жайды жетектегениме 23 жыл толду. Башында илимдин кандидаты жалгыз өзүм болсом. Бүгүнкү күнү бизде 29 экономика илиминин доктору, 72 кандидаты, мыкты окутуучулар эмгектенет. Жыл сайын бул көрсөткүч өсүп жатат. Андыктан өз ишин ойдогудай билген, сапаттуу кадрларды даярдоо жана алардын ишин туура багыттоо ийгиликтин башаты, уюткусу экендигине көзүм жетти, толук ынандым. Албетте, сабак өтүүнүн сапатын улам барган сайын жакшыртуу, тиешелүү ишти аткаруу тартибин, тазалыкты сактоо, студенттерге өз балаңдай мамиле кылууга жетишүү иштин илгерлешине, улам күчөп жаткан атаандаштыкка олуттуу таасирин тийгизип, купуя сыр сакталган сандыктын ачкычын алууга өбөлгө түзөт.

Мындан ары карай билим берүү менен илим изилдөө ишин алдыга жылдыруунун нугун шайкештикте кароодо, сапаттуу адистерди даярдоодо, инновациялык экономиканын, маалымат технологиясынын жигердүү пайдалануу-окуу өнүктүрүүнүн учурдагы эң башкы максаты катары эсептелет. Учурдун талабы, башкы багыты ушундай. Мындай жигердүү багытты утурлабаган, үзгүлтүксүз жаңыланбаган, аракеттин артынан түшпөгөн окуу жай ийгилик жараталбастан, эртели-кеч артка сүрүлүп, келечеги тайкы болуп калышы ыктымал.

Бактыгүл МУНДУЗОВА, “Кыргыз Туусу”