Алмазбек Атамбаев “Бир алкак – бир жол” эл аралык форумунда баяндама жасайт

Президент Алмазбек Атамбаев Кытайда өтүп жаткан “Бир алкак – бир жол” эл аралык форумунда бүгүн баяндама жасайт. Өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, президент мамлекеттер аралык экономикалык кызматташтык темасында сүйлөйт.

14-майда башталган экономикалык форумга 20дан ашуун өлкө лидерлери, 110 мамлекеттин өкүлдөру жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш катышууда. Анда Кытай сунуштаган Жаңы жибек жолу долбоорун ишке ашыруу талкууланып жатат.

Алмазбек Атамбаев Бээжинге 13-майда кеткен.Жекшемби күнү ал жакта Орусия президенти Владимир Путин жана башка кытайлык аткаминерлер менен кезигип, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. 16-майда Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпин менен жолугуп, анан Бишкекке кайтат.

 

Алмазбек Атамбаев “Бир алкак – бир жол” эл аралык форумунда баяндама жасайт: 1 комментарий

Комментарии запрещены.