Бишкек шаардык №1 клиникалык оорукананын хирургия бөлүмүнүн башчысы Акылбек МУСАЕВ: «Эхинококкоз илдети менен жаштар көп оорушат»

– Акылбек Инаятович, эхинококкоз оорусу тууралуу айтып берсеңиз, адамга кантип жугат?

– Эхинококк мителик оору болуп саналат. Себеби анын жугузуучулар болуп тасма курттар, мите курттар саналат. Бул курт иттин ичегисинде болот, ошол жерде жашайт. Ал курттар бир канча бөлүктөн турат, иттин заңы менен курттун эң акыркы кичинекей бөлүгү сыртка чыгып турат да ошол аркылуу адамга жугуп тарайт. Себеби заң чөптөргө, сууларга түшүшү мүмкүн, алардан мал-жандыктар ичет, чөп жейт дагы ал личинкалар малдарга жугат. Ал эми адам ошол жерлерди кармаган болсо, тамак ичерде колун самындап таза жуубаса ал кишинин организмине кирип кетет. Анан ашказанга барып сиңет дагы кан менен боорго барат. Боор бул организмдеги фильтр, ал кереги жок, организмге зыян келтире турган заттарды кармап калат. Ошол үчүн боор муну кармап калганга аракеттенет дагы, көп учура эхинококк боордо калып калат. Мына ошондуктан боордун эхинококкозу биринчи орунда турат. Эгерде ал кандайдыр себептер менен боордон өтүп кетсе, анда экинчи фильтрге өпкө барат. Ошондуктан саны боюнча боор эхинококкозу биринчиде турса, экинчиде өпкөгө турат. Эгер кандайдыр бир себептер менен андан да өтүп кетсе, адамдын организминин бардык жеринде эхинококкоз пайда болот.

– Демек ооруган малдын боорун итке бербеш керек турбайбы?

– Ооба, малды сойгондо боорунда агыш тоголок жара сыяктуулар болот. Аны көпчүлүк билбей итке берип салат. Ошентип соо итти оорулуу кылып алышат. Ошондуктан малдын оорулуу боорун итке бербестен, бир метрдей жерди казып көмүп салуу керек. Иттин заңы менен курттар түшкөн соң, ал чөптөргө, ар кайсы жактарга тарап кетет. Ал малдын терилеринде, иттин терисинин жүндөрүндө болушу мүмкүн. Ар кайсы жерлерге жабышып алат, ал жерди киши кармалап андан колго жугат да, колду таза жуубаса адамга жугуп калат.

– Оору жуккандан кийин кантип байкалат, белгилери болобу?

–Эхинококкоз көп убакытка чейин эч кандай белгиси байкалбай жүрө берген оору. Жуккандан кийин көп убакытка чейин киши эч нерсе билбей жүрө берет. Кээде бир башка оору менен ооруп калып текшерүүдөн өткөндө эхинококкоз бар экендиги билинип калат. Көпкө чейин оорутпайт, эч нерсе байкалбайт. Качан ал чоңойгондо тегерегиндеги органдарды тебе баштайт, ошондо гана байкала баштайт. Дүйнөлүк маалыматтарга таянсак, эхинококкоз бир жылда 3 см. өсөт экен. Биздин өлкө мал чарбасы менен алектенгендиктен бул оору Союз убагында деле болгон, бирок азыркыдай көп катталбаган.

– Альвеококкоз менен жабыркагандар деле ушундай себептен болобу?

– Альвеококкоз, эхинококкоз экөөсү тең эле ошол тасма курттардан улам пайда болот, бирок эки түрү бар. Ошол эки түрдүү курттун бирөөсү эхинококкозду пайда кылса, экинчиси альвеококкозду пайда кылат. Эхинококкоз ыйлаакча сыяктуу болуп киста өсөт, анын ичинде суюктук болот, ал суюктукта ошол тасма курттардын (сколекс) башы болот. Эхинококкоз жанындагы башка органдарга тешип кирип кетпей, болгону чоңойгондо тээп баштайт. Альвеококкоз мерч сыяктуу болот дагы, айланасындагы башка органдарга өсүп кирип кетет. Ошондуктан бул коркунучтуу болуп саналат, альвеококкозго жасалган операция дагы оор болот. Башка органдарга кирип кеткен соң, таза алыш үчүн ал органдарды дагы кескенге туура келет. Экинчиден альвеококкоз чоңоё баштаганда метастаза (оору очогунун жаңылап башка орунга которулушу) берет. Мисалы, көп учурда мээге, өпкөгө берет, ошондуктан бул эки түрү тең коркунучтуу болуп саналат, бирок операция жасоого келгенде алвеококкоз алда канча оор болот, каражатты да көбүрөөк талап кылат.

– Эмне үчүн боор жабыркаганда көпкө чейин сезилбейт?

–Боордо нервдин аяктаган (окончение) жери жок, ошондуктан көпкө чейин сезилбей жүрө берет. Бирок оору билинген кезде чоңоюп кеткен болот дагы операция жасоо дагы кыйынга турат. Анын бир гана жолу бар, ал боорду алмаштыруу, донор таап же жакын тууганынын боорунун жарымын алып бейтапка салууга туура келет. Бирок биздин өлкөдө андай операциялар азырынча жасалбайт, себеби ага мүмкүнчүлүк жок. Башка өлкөгө барып жасатууга туура келет, ал үчүн өтө чоң каражат талап кылынат. Себеби, ата-энесинин же жакын тууганынын боорун алыш керек болот, ошондо дагы эки кишиге операция жасалат. Ошондуктан көп каражат керектелсе, экинчиден боорунун жарымын берген киши дагы өмүр боюу майыптыкка чыгып калат.

– Эл арасында боор өсөт деген кеп айтылып келет, боор канчалык өсөт?

– Туура, боор өсөт, бирок ал мурункудай калыпка эч качан келбейт.

– Көбүнчө кайсы курактагылар көп жабыркайт жана кайсыл аймактагылар көп чалдыгышат?

– Мен эхинококкоз, альвеококкозго көп операция жасап келатам. Эмнегедир бул оорулар менен жаштар көп оорушат. 20 жаштан, 30-35 жашка чейинкилердин арасында көп катталат. Жашы өтүп калган кишилерде өтө сейрек кездешет. Мунун себеби эмнеден экенин так айтуу, албетте, кыйын. Жеке тазалыкты начар сактагандыктан, колду таза жуубай тамактангандыктан, мөмө-жемишти таза жуубай жегендиктен, айтор жаштардын арасында бул оору кандай жолдор менен жугары туралуу маалыматтын жоктугу. Эгер билишсе анда колун таза жууп, оору жугуп калат деп тазалыкты сакташмак. Эхиноккоз, альвеококкоз боюнча Кыргызстан гиперэндемикалык аймак болуп саналат, өтө көп кездеше турган аймак десек болот. Мына ошону калктын баары билиши керек, анан сак болууга тийиш. Илгери түндүк аймакта көп кездешчү, азыр андай деле жок. Себеби Кыргызстандын бардык аймактарында катталат, бирок түштүк аймактын Алай районунда башка аймактарга караганда көп кездешет. Бирок учурда бардык аймактарда бул оору катталып келе жатат.

– Боордун курттары адамдан адамга жугушу мүмкүнбү?

– Жок, адамдан адамга жукпайт.

– Ал курттар жерге түшкөндөн кийин канча жашайт?

– Алар жерге түшүп жайылып, 2-3 айга чейин жок болбой жашай беришет. Альвеококкоз дагы көпкө чейин байкалбай жүрө берет, бирок аябай өтүшүп кеткенде киши саргарып кетет. Андайларды толук айыктыруу кыйын болуп калат.

– Ооруларды жуктурбоо үчүн кантип алдын алса болот?

– Эң негизгиси жеке тазалыкты сактап, колду самындап таза жууп тамактануу. Жер-жемиштерди таза жууп жеш керек. Мамлекет тарабынан ээси жок иттер атылышы керек же бир жерге атайын кармоо керек. Бирок андай иттерди бир жерге кармоо үчүн да каражат керек. Ээси бар иттерге атайын дарыларды берип, мал сойгондо боорунда дарты болсо итке бербей, жерди казып көмүү керек. Мына ушундай эрежелерди сактап, атайын бул оору кантип жугаары тууралуу маалыматта болуу керек. Кармаган малдарын мал доктурдун кароосунан өткөрүп туруу керек. Мен айткандай, негизинен жаштар ооруп жатат. Биздин келечек жаштар болгондуктан, жаштарыбыз минтип боорунун жарымы жок жүрсө, анда эртеңки күнүбүз кандай болот? Ачык айтканда акырындык менен элдин генефонду бузулуп баратат. А ден соолугу начар элдин, мамлекети да начар болот.

Бактыгүл МУНДУЗОВА, “Кыргыз Туусу”