27-ноябрга карата аба ырайы

27-ноябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймагында жамгыр аралаш кар жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…+5,

Талас жергесинде түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4,

Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +4…+9,

Нарын дубанында түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…+3,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +1…+6 градус болот.

Бишкек шаарында жамгыр жаап, карга айланышы мүмкүн. Түнкүсүн 0…-2, күндүз +3…+5 градус.

Булак: Кыргызгидромет