Сасык тумоологондор 14 пайызга көбөйдү

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө сасык тумоо менен ооругандардын саны былтыркы жылга салыштырмалуу 14,7 пайызга көбөйдү.

Ошто быйыл ноябрь айында 361 киши каттоого алынса, Бишкекте 2114 адам сасык тумоо менен ооруканаларга кайрылган. Былтыркы жылдын ушул маалында бул сан 1546 эле.

Алдын-ала божомолдор боюнча декабрь айынын ортосунан кийин сасык тумоологондор ого бетер көбөйөрү күтүлүүдө.

Кыргызстанда медициналык кызматкерлер, карылар, балдар жана майыптар үйүндөгү жарандар тумоого каршы акысыз эмделет. Ал эми калган жарандар жеке менчик клиникалардан вакцина сатып ала алышат.

Булак: Азаттык