Бишкекте көчө спортунун фестивалы өтөт

Борбор калаада «Жашоого аралаш» деген аталыштагы стрит-воркаут фестивалы өтөт. Бул туурасында БУУнун баңгизат жана кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Спорттук иш-чараны БУУнун баңгизат жана кылмыштуулукка каршы башкармалыгы Жаштар иштери, ден тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги уюштурууда.

Бул фестивалга жарым миңге чукул адамдын — Кыргызстандын жаш спортчуларынын, аз камсыз болгон бүлөлөрдүн балдарынын, республиканын аймагындагы майып жана жаңы конушта жашаган балдардын катышаары айтылууда.

Максат — жаштар арасындагы мыйзам бузуучулуктун алдын алуу дешти уюштуруучулар.

Воркаут — үйрөнчүктөрдүн жана «көчө» спортунун түрү. Анда турниктерге жана ага окшогон спорттук шаймандарга тартылып, айланып, күүлөнүшөт.

Булак: Спутник