Эми ажылыкты каттоо тартиби биометрикалык паспорттун негизинде жүргүзүлөт

Эми ажылыкты каттоо тартиби биометрикалык паспорттун негизинде жүргүзүлөт. Бул тууралуу КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы 2018-жылдагы ажылык иштерине даярдыктарды көрө баштады.

КМДБнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ажылык иштерин электрондоштуруу максатында 2018-жылдан тарта ажылык сапарына барууну каалаган жарандарга биометрикалык паспорттун негизинде каттоо жүрө тургандыгын эскертип, биометрикалык паспорт алууга чакырат.

Булак: Кабар