Жээнбеков Атамбаевди «Кыргыз Республикасынын Баатыры» кылды

Экс-президент Алмазбек Атамбаевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы ыйгарылгандыгы өлкө башчынын расмий сайтында жарыяланды.

Бул тууралуу Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

«Эл алдындагы ак эмгеги, Кыргызстандын эгемендүүлүгүн чыңдоо, эл ынтымагын бекемдөө жана саясий эрктүүлүгү үчүн Алмазбек Шаршенович «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы менен сыйланат», — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Атамбаевге аталган наамды берүү маселеси көтөрүлүп, өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бул анын алгачкы президенттик жарлыгы болорун баса белгилеген.

Булак: Спутник