28-ноябрга карата аба ырайы

Жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу 2017-жылдын 27-ноябрынан 29-ноябрына чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы 198-246 чакырымдарында кар көчкү кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7;

Суусамырда түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…+3;

Таласта түнкүсүн -5…-10, күндүз 2…7;

Баткенде түнкүсүн -1…-6, күндүз 6…11;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 6…11;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6;

Нарында түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…+3;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -2…-7 градус суук болот.

Бишкекте 28-ноябрда жаан-чачын болбойт. Жолдор тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз 5…7 градуска чейин жогорулайт.

© Кыргызгидромет