ЖК комитети авиабилеттердин баасы тууралуу маалымат угат

Бүгүн парламенттин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Республиканын ички маршруттары боюнча жүргүзүлүп жаткан авиакаттамдардын билеттеринин тарифтери тууралуу маселени талкуулайт.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлагандай, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабиров жана жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев маалымат берет.

22-ноябрда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев Ош-Бишкек, Бишкек-Ош авиакаттамдарындагы билет баасынын кымбаттыгын сынга алып, аны тез арада арзандатуу керектигин айткан. Ал кыш келгенде жол тайгак болуп, жүргүнчүлөр көбүнчө учак менен каттоого аргасыз экенин белгилеген.

Мындан бир нече жыл мурда Бишкектен Ошко учуу миң сомго чейин түшкөн. Ушул күндөрү билеттер 2500 сомдон 5 миң сомго чейин сатылууда.

Булак: Азаттык