“Таза коом” долбоорунун стратегиясы 2018-жылы кабыл алынат

2018-2040-жылдары өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” Улуттук стратегиясы келерки жылдын 15-февралында кабыл алынат. Ага чейин долбоор толукталып, кайра иштелет.

Бул тууралуу 27-ноябрда маалымат жыйында Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчысы Нурсулу Ахметова кабарлады. Анын айтымында, стратегияны иштеп чыгууга жана талкуулоого бизнес-коомчулук, илимий ишмерлер, түрдүү ассоциациялар менен диаспоралар, жаштар, мигранттар, ошондой эле өлкөнүн региондорунун жашоочулары тартылат.

— “Таза коом – Жаңы доордун» өзгөчөлүгү — адамдын потенциалын өнүктүрүү. Биз адамдын өнүгүшү үчүн бардык шарттарды түзүүгө тийишпиз. Анткени Кыргызстандын инсаны жана жараны — эң баалуу капитал, — деди Ахмедова.

Документ боюнча сунуштарды жана сын, пикирлерди strategy-2040@adm.gov.kg жана strategy2040kg@gmail.com. электрондук дарегине жөнөтсө болот.

Кыргызстанда 2018-2040-жылдарга эсептелген өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн «Таза коом – Жаңы доор» стратегиясы 15-ноябрда Бишкекте “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында талкууланып, жактырылган.

Булак: Азаттык