Кыргызстанда бир айдан кийин тамеки кымбаттайт

Кыргызстанда 2018-жылдан тарта тамекинин баасы кымбаттай турганы өкмөттүн сайтында маалымдалды.

Өкмөт фильтири бар жана фильтирсиз тамекилердин чекене баасын аныктоо боюнча токтомго өзгөртүү киргизди.

Ошентип 1-январдан 31-декабрга чейин 20 даана тамекинин баасы 50 сомду түзөт. Жакынкы үч жылда бул товарлар жылына он сомго кымбаттап турат.

2022-жылдын 1-январынан тарта эң арзан тамеки 90 сом болот.

Бүгүнкү күнү бир куту тамеки орто эсеп менен 40 сомду түзөт.

Өкмөттүн токтому 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

Булак: Спутник