Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


(Башталышын бул жерден окуңуз)

Бир заматтын ичинде ушунун баарын ойлоп алды кыз. Күнайым чындап эле корумдалган жеринен суурулуп чыгып, а бирок аягы жер баспай абада калкып, аркасынан калбай кууп келе жаткандай сезилди. Дүрайым токтогон кезде ал да токтоп, бирок сыйкыры аркылуу мунун буттарын тушап салгандай кош аягы жылбай калды. Бара-бара бүт тулку бою жансыздалып бара жаткандай эч нерсе сезбей, бир гана жону – эки далысынын ортосу арт жактан маалымат алып, ошол гана иштеп жаткандай ымыр-чымыр боло берди.

Ушундан улам тээ качанкы бир күндөр эсине түшүп кетти. Алда нелерди көрбөй туруп сезип, билип койгон Күнайымга таң кала берер эле анда. Бир жолу да:

– Кантип эле карабай, көрбөй туруп би-лип аласың? – деп сураган болчу.

– Жон терим менен сезип… – деп тамаша-чындан жарк этип күлгөн кыз. Дүрайым калп эле күлүмүш болгон. Бирок андай кездерде көпкө чейин ойлонуп, кыжалат боло бермей адаты бар эле. Ал дагы жон териси аркылуу баарын сезгиси, билгиси келчү.

“Мен дагы азыр баарын далым менен сезип, көрүп жатам”, – деп ойлоду азыр. Анткени анын туюмунда, Күнайымдын өлүм алдындагы эмес, абалкы ажарлуу, сулуу элеси кашкайып, элеси этек-жеңин желбиретип, эки асканын ортосунда муну карап, калкып турган болчу.

Ал азыр муну ушул турган калыбында ташка айлантып, катырып салчудай сезилди. Жандалбастап кетти кыз. Көкүрөгүн солкул-дата, терең-терең дем алып:

– Сага эмне керек?! – деди артына карабай, калчылдак баскан добушу менен өктөм.

Жооп болгон жок.

– Суранам, кетип кал?! Тийбе мага?! – деди Дүрайым кайра да үн катып.

Жымжырттык.

–  Менин  жашагым  келет!  Угуп жатасыңбы?! Жашагым келет! А сен өлүмдү өз каалооң менен тандадың! Канча кыздын, канча жигиттин убалына калдың! Эми эмне керек сага?!

– ?.. – жымылдаган жымжырттык.

– Андан көрө мага жардам бер?! Мени бошот! Мени жер үстүнө чыгар?! Суранам?! – эми ыйламсырап, жалооруп, жалбарып суранды Дүрайым. – Мени билесиң го, менин жашагым келет. Мен эне болгум келет? Суранам сенден, Күнайым?!

Канчалык артына карагысы келип, ант-кен менен мойнун такыр бура албай койду.

Жооп да болгон жок.

Күнайымдын шоораты жакындап келе жаткандай сезилди. Жан дүйнөсүндө жанталашып, өзү менен өзү алышып жатып, бир убакта араңдан зорго өз денин ийге келтирип, артына бурулду. Бирок көзүнө ийрелеңдеген ичке жол менен жараңканын эки бетинен башка эч нерсе көрүнбөй койду. Күнайымдын арбагы ошол аскалардын бетине жабышып, жашынып алгандай улам бир жерди чолуй тиктеп издеп кирди.

– Кайдасың?! – деди энтигип. – Эмне жашынасың?! Коркуткуң келип жатабы же менден коркуп жатасыңбы?! Көрүнбөйсүңбү?!

Оюна бир нерсе түшүп кеткендей каткырып күлүп жиберди.

– Ха-ха-ха! Көрүмчү?!. Ой, боорум ай! Сени көрүмчүгө айланып калат деп ойлогон  эмесмин!  Баягы  Күнайым..!  Баягы-ы Күнайым..! Ал эми көрүмчү!.. А-ха-ха!..

Анын күлкүсү жаңырык болуп кайра угулду.

Жаагы  жап  болуп,  жаңырыкка  көпкө чейин кулак түрүп турду.

– Бул – сенби? Сенин күлкүңбү?! – шыбырап,  акырын  унчукту.  –  Демек,  мени шылдыңдап, табалап жатасың! Өлгөндөн кийин да менин шорума айланмак белең?! Мен сени жек көрөм, көрүмчү! Угуп жатасыңбы, жек көрөм! Жек көрөөө-өм!!!

Болгон  күчү  менен  кыйкырып,  би-рок  ошол  кыйкырыктын  кубатына  эки тизеси  туруштук  бере  албай  калгандай “шалак!”  этип  бүгүлө  түшүп,  жер  сүзүп жыгылды.

Аны менен кошо көк тиреген аскалар урап түшкөндөй, ошого удаа эле күүлдөп-шаалдаган, тарсылдап-түрсүлдөгөн үндөр пайда болду.

Эки  колу  менен  башын  калкалап,  демин ичине жутуп калган кызга бир убакта жан кире түштү. Бул күүлдөк-шаалдак ага  барган  сайын  жагымдуу  сезилип баратты.

(Уландысы бар)

One thought on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Комментарии закрыты.