Марлес КӨЧКӨНБАЕВ, продюсер: «Өзүм эки мүнөттүк образ жаратам деп катуу кыйналдым..»

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»


–  Марлес  мырза,  Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгону, искусствонун башка тармактарына караганда кино жанры бат ирденип, бутуна бат туруп кетти. Мунун себеби эмнеде?

– Башка жанрларга караганда кино жашоо-турмушка жакын, ошондуктан анын каармандарынын кудум жашоодогудай образы көрүүчүлөрдү өзүнө бат тартат. Эң жөнөкөй, бирок негизги себептеринин бири ушул го.

–  Антсе  да,  тартылган  кино тасманын  баары  эле  жогорку деңгээлде дешке болбойт.

– Туура айтасыз. Элден өткөн сынчы, элден  өткөн  тараза жок.  Кайсы  чыгарма кандай деңгээлде экенин  көрүүчүлөр өздөрү эле таразалап алышат.

–  Сиз  продюсерлик  кылган  “Бунт”  аттуу  кинонун өзөгүндө эмне жатат жана эл кандай кабыл алды?

– Тасманы элге таанытуу, көрүүчүлөрдү байма-бай чакыруунун бир табигый жолу – “жандуу жарнама”. Көрнөктөрдү илип, телерадиого бапыратып акча төлөп жарнама кылып, бирок киноң эл күткөндөй, эл каалагандай болбой калса, жарнамаңдан эч майнап чыкпай турганын айрым кинотасмалар аркылуу көрдүм. Анткени көрүүчүлөр келишет, көрүшөт, кино жакпай калдыбы: “Аны көрбөй эле койгула, болбогон эле кино экен”, – деп башкаларга айтып коюшат. Азыр интернеттин заманы да. Маалымат бир кишиден жүздөгөн кишиге тарайт. Бул ки-нонун продюсери катары мени кубанткан нерсе, биз рекла-маны күчтөп бербесек дагы эл жакшы келип жатат. Учурда кинотеатрлардын бардыгында көрсөтүлүп, көрүүчүлөрдүн аягы суюла элек.

– Кино эмне тууралуу?

– Айрым учурда көрүүчүлөр детектив көргүсү келет, кээ-де мелодрамага ыкташат, кээде болсо тарыхый чыгармалар көпчүлүктүн көңүл борборун ээлеп калат. Ал эми азыркы учурда, менин байкашымча, көрүүчүлөр, айрыкча жаштар комедиялуу киного көбүрөөк басым жасап турушат. Бул – адамдардын саясаттан, көртүйшүктүн ар кыл машакатынан кичине эс алгысы келгени окшобойбу. Биздин кино дагы комедия жанрындагы, үй-бүлө тууралуу кино. Окуя негизинен кичинекей, тестиер баланын көрүп-билгендерин айтып берүүсү, ой толгоосу менен уланып жүрүп отурат.

– Кинонун айтайын, берейин деген ою?

– Үй-бүлөдөгү ынтымак-ырашкерлик, биримдик. Эң негизгиси аны сактоо. Тарбиялык мааниси абдан жакшы.

– Кинонун режиссёру ким? Сценарийи кимдики?

– Кинонун режиссёру – Сапар Сайназаров, ал эми сценарийи – NO NAME деп аталган КВНчи балдардыкы. Башкы ролдордо да ошол балдар, ойношот. Алардан сырткарыбелгилүү актриса Гүлмира Турсунбаева бар.

– Сиздин өз кесибиңиз кайсы?

– Мен соода тармагын окугамын. Азыр-кы убакта Бишкек калаабыздагы “Алай” чайханасын иштетем.

– Анда кантип кино тармагына продюсер болуп калдыңыз?

– Мен жаш кезимден искусство тарма-гына кызыгам. Ошондуктан, жок дегендепродюсер катары маданиятка салым кошкум келди.

– Балким, өзүңүз да киного тартылгыңыз келгендир?

– Ооба. Тартылдым.  Кинонун  соңунда  бир  кичинекей, эки-үч мүнөттүк эпизоддо атанын образын жараттым.

– Оңой эле бекен?

– Кайдан? Деги эле, ырчыларды, актерлорду биз көп баалабайт экенбиз. Мен деле оңой эле ойноп коюп кете беришет деп жүрүпмүн. Ошол эки мүнөттүк роль үчүн катуу кыйналдым да, артисттерди, деги эле чыгармачыл адамдарды баалап калдым. Мисалы, Гулмира Турсунбаева эже аткара турган ролго башка эле бир эжекени тандашкан экен, ал да аткара албай кыйналган, акыры эжени самолет менен шашылыш алдырып, анан тартууга туура келди. “Чымчыкты сойсо да касапчы сойсун” дегендей эле экен.

– Кино кайдан тартылды?

– Оштон тартылды.

– Жашыруун болбосо, кино тартууга канча каражат кетти?

– Жыйырма миң доллар сарптадык.

– Ичиңиз ачышкан жокпу?

– Жок, тескерисинче, жасаган ишиң элге жакса, кубанасың да.

– Кино сыяктуу, чайканаңызда да кардарлар көппү?

– Ал да сенин жасаган продукцияңдан, эмгегиңден, кардарларды тейлөө аракетиңден көз каранды болот. Кудайга шүгүр, эл үзүлбөйт.