29-ноябрга карата аба ырайы

29-ноябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13;

Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүз 6…11;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8;

Нарында түнкүсүн -8…-13, күндүз 1…6;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25, күндүз 0…-5;

​Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…-2°, күндүзгү жогорку температурасы 10…12°.