Сапар Исаков унааны ишеним кагазы менен айдоого качан тыюу салынарын айтты

Премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Кеңештин жыйынында айдоочулар кайсы убактан тарта унааларын өздөрүнө каттатта баштай турганын билдирди.

Анын айтымында, айдоочулардын көпчүлүгү унааларын өздөрүнө каттатпастан ишеним кагаз аркылуу айдап жүрүшөт. Мындан улам жол эрежесин бузган айдоочуларга айып салынганы боюнча билдирме өз дарегине жетпей калып жатат.

«Баарыңыздарга белгилүү болгондой биз «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашырганы жатабыз. Ага ылайык, ишеним кагаздын кереги жок болуп калат. Себеби ар бир авто өзүнүн ээсине катталса, айып салынганы жөнүндөгү билдирме тийиштүү дарекке жетет. «Акылдуу шаар» долбоорун иш жүзүнө ашыра баштаганда унааларды каттоого жарым ай убакыт беребиз», — деди премьер-министр.

Ал ошондой эле эгер бул аракеттер ишке ашпаса жол кырсыгына себепкер болгон айдоочуларды табуу өтө кыйын болуп жатканын кошумчалады.

Булак: Спутник