Убактылуу кармоо жайынан качкан 3чү качкын кармалды

Шаардык милиция кызматкерлери тарабынан Бишкектин аймагында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоо жайынан качып кеткен үчүнчү качкын кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, качкын 28-ноябрда болжол менен саат 21:00 чамасында, Бишкектеги Исанов-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде атайын жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттин жыйынтыгында кармалган.

Үчүнчү кармалган качкын Ачылдурдиев Багтият Турдукулович – 1985-жылы туулган, Түркмөнстанда туулган.

Эске сала кетсек, буга чейин эки качкын кармалган.

Алар:

  1. Базаркулов Рамиль Муктарбекович — 1979-жылы туулган, Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну. КР Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесине (Адам өлтүрүү) ылайык камалган.
  2. Дилдешов Бакыт Чыныбекович – 1979-жылы туулган. Талас облусунун тургуну. КР Кылмыш жаза кодексинин 168-беренесине (Карактоо) ылайык кармалган.

Учурда милиция кыхзматкерлери төртүнчү качкынды издеп жатышат.

  1. Джанботоев Кайрат Байызбекович – 1989-жылы Чүй облусунда туулган. КРнын Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесине (Адам өлтүрүү) ылайык кармалган.

Милиция качып кеткен төртүнчү жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо, төмөнкү телефондорго чалып, маалымат берүүнү суранат; — 0 312 43-88-91, 43-88-85, ИИМдин нөөмөт бөлүмү жана 0 312 662331.

Аталган факты боюнча материалдар окуяга юридикалык баа берүү үчүн прокуратурага жөнөтүлдү.

Булак: Кабар