Өрнөккө да, өкүткө да толо кыргыз прозасы

Кыргыз проза жанрынын дүркүрөп гүлдөшү 60-70 жылдар эле. Улуу муундун көчүн улоо шыбагасы бир топ кыргыз чыгармачыл жаштарына насип эткенби жөн эле окурмандарды тамшандыра таң калтырган кара сөз чеберлери бир жанар тоодой атылган экен, эми ойлосом. Ошо жылдары гезит, журнал, китептерде жарык көргөн чыгармалардын ширин даамдары азырга дейре оозумда, каармандардын карапайым элестери көкүрөгүмдө. Кайра-кайра окугандан азыр деле тажабаймын, китеп текчемдин көркү, жандүйнөмдүн асылы да ошолор. Өмүр бою ошо жазуучулардын карапайым жөнөкөй каармандары менен кошо жашап, ошолордун жан дүйнөсүнөн каниет ала эртеңкиме үмүттүү караймын. Жалгыздыкта калсам алар менен эргип отуруп сүйлөшөм, дартташам. Ошондой өлбөс каармандарды жараткан кара сөз чеберлерине өмүр бою карызмын деп өзүмдү милдеттүүдөй сезип келем.

1960-70-жылдары менин жалындап тур-ган окуучулук, жаштык курагымда кыргыз проза жанрына бирин-бири улай үркөрдөй болгон кара сөз чеберлери келбедиби, окур-мандарды таң калтыра тамшандырып. Гезит-журналдарды тытмалай талашып окуп, ал жазуучулардын кимдигин билсек да өзүн жо-луктурбаган Кеңеш Жусупов, Мурза Гапаров, Кубатбек Жусубалиев, Асанбек Стамов, Орозбек Айтымбетов, Абдыманап Көлбаев жана башкалар болчу. Булардын чыгарма-чылыгына өзгөчө кайрылуум кыргыз проза жанрына, айрыкча аңгеме, повесть жанрына мурдагыларды туурабаган таң каларлык та-былгалары менен келүүлөрү кыргыз окурман-дарына бир дүңк эте эсейте койбодубу. Кеңеш Жусуповдун «Жүрөгүм менин тоолордо», «Ата-Журт», Мурза Гапаровдун «Кыштакча», «Жаңгактуу токойдун жомогу», «Кызыл беде», ал эми бирөөлөргө ушу да китеппи, жөн эле келжирек деген «Күн автопортретин тар-тып бүтө элек» повести, «Улакчы», «Гимн» деген аңгемелери адабият серепчилеринин оозун ача укмуш табылга деп сүйлөгөнгө ар-гасыз кылган. Ал эми кара сөз чебери Асан-бек Стамовдун «Жаңы тууган», «Нөшөрдөн кийин» повесттери, Орозбек Айтымбетовдун жаштардын колунан түшпөгөн «Торгойлуу талаа» повести, Абдыманап Көлбаевдин «Ала-Тоо» журналдарына дайыма жарык көрүп турчу аңгемелери, айтор ошол жылдары кыргыз проза жанры айтып бүткүс бир бийиктикке көтөрүлдү эле, аттиң. Алардан табылгалуу, бирөөлөрдү туурабаган жөп-жөнөкөй, окур-мандарды каармандары менен кошо жашата билген жазмакер кара сөз чеберлери азыр чыкпай калганы өкүндүрөт. Мен Кеңеш Жусуповдун ой толгоолорун жазган «Ата-Журту» көкүрөгүмө бекем орногон экен, азырга дейре эстеймин. Кыргыздын айкөл ааламын бир элес, бир көрүнүш менен айтып бергенине таңкаласың. Өлүм алдында жаткан баласын карап отурган комузчу кыргыз карысы жөнүндө баян этилип, жол алган жолоочулар комузчунун күүсүн укмака түшүп калышат. Меймандар үзүрүндө узак күү чертилип качан чайга карашканда карыя акырын аркы үйгө башбага уулунун о дүйнөгө узаганын көрүп, кайра эле меймандар үзүрүндө отуруп калат, ичке жуткан кайгысын билдирбей. Меймандар сапар аларда карыянын дагы бир күү чертүүсүн өтүнүшөт. Ошондо муңга сыйбаган кары мей-мандарга күү аркылуу уулунун өлүмүн угуза черткен экен. Ошондо күү сырын түшүнгөн жолоочу меймандар да жол ала үйүнө өкүрүп түшүшкөн экен.

Чебер жазуучунун табылгасына, окурмандарды кошо толготуп тамшандыра таң бердирткенинде чек жок, сөз да жок. Бир курактагы кара сөз чеберлеринин кыргыз асманында үркөр жылдыздай баркырап жанат деп ким ойлоптур. Табылгалуу жаралуунун барк баасына кийин жетет болуп, кана ошончо жылдардан бери Кеңеш Жусуповдун, Мурза Гапаровдун, Кубатбек Жусубалиевдин, Асанбек Стамовдун кыргыз проза жанрындагы та-былгаларын андан бери кайсы жазуучу уланта алды? Эртеби, кечпи, ошолордой таланттуу калемгерлер чыгаар, ушинтип эле кыргыздын кары картаңынан тарта жер тепкилеп бийлеп, ырдап калбастыр деп эртеңкиңден үмүт кыла жашайсың. Алиги өзбектердин беш миллион артисти, ырчысы бар дегендей, кыргыздар деле ошого жете турган болуп калды.

Ыраматылык Мурза Гапаров акем аңгеме, повесть жанрында чет элдик жазуучу, Нобель сыйлыгынын ээси Фолкнердин эмгегине тете чыгармаларын окурман журтчулугуна тар-туулап кетти. «Аталар жери», «Айгүл Тоо» повесть, аңгемесин окуп, андагы каармандар менен кошо жашайсын. Бир өкүт арман дүйнө – Мурза акем Айгүл Тоого 1988-жылы акыркы жолу келгенде «Көпөлөктүү өрөөн» романына даярдык көрө жазмакчы болуп жатканын өз оозунан уктум эле, бирок шум ажал жазуучунун мүдөөсүн аткарта койбоду.

Кубатбек акемди ким болсо апенди чалыш деп ал кишинин улуу ойчул философ экендигин, анын эч ким жазалбаган таң каларлык талантынан окуп кабар алгандар билишет, сыйлашат, жок дегенде телерадио аркалуу сүйлөтүп калууга далалаттангандар канча. Былтыркы жылы 75 юбилейлик жашка толсо да мени эмне билбейсиңер, көрбөйсүңөр деп көкүрөк койгулап чыккан деле жок. Кеңеш Жусупов айтып жатпайбы «көрөсүң Кубатбек юбилейин да белгилебейт, шаарга да келбейт, сыйлык жөнүндө ойлоп да койбойт» деп. Бир өкүнүчтүүсү «Муздак дубалдар» романынан кийин жазбай деле калды. Асанбек Стамов «Чүй баянынан» кийин да көп табылгалары менен үмүттөндүрүп койду эле, ал кишини да максатына жеткирбей шум ажал алып тынды.

Айтылуу жазуучулардын «Арашан» чыгармачылык үйүнөн бери болбой беш томдук «Кара кыргыздын» үстүндө иштеп «Торгой-луу талаасынан» кийин окурмандарды дак калтырып о дүйнө салып кете берген Орозо-бек Айтымбетов акеме кээде өкүнүп калам. «Кара кыргызын» коюп аңгеме, повестте-рин жазганда дагы кандай бийиктиктерди багындырат эле деп. Кесиби боюнча врач Абдыманап Көлбаев акемдин дымы чыкпай дайынсыз жок болгонучу. Кудум эле орустун белдүү аңгеме жанрынын чебери «мен каармандарымды Сибирдин токойлорунан жолуктурам» деп ошо бойдон жок болгондой, Абдуманаптын таланттуу тагдыры деле дайынсыз бойдон калды.

Кеңеш Жусуповдун «Ала-Тоо» журналы менен тагдырлаш өмүрү деле текке кетпеди. Кыргыздын он томдук тарыхына өмүрүн сайып коюп иштеп кыргыз прозасына эч бир окурман күтпөгөн жаңычыл стилде, биз мин-тип жазчу элек деген мактаныч деле жок, сый-лык, сыймыкка умтулуу деле жок, кыргыз элине берерин берип азыр деле өзүнүн «Ата-Тоосунда» үзүрлүү эмгектенүүдө. Өткөндө маданият кызматкерлерин сыйлоодо Пре-зиденттин: «Таланттуу, чыгармачыл адамды сыйлык өзү издеп табат. Мына, Кеңеш Жусупов сакадай бою сары алтын бир да жолу мага сыйлык деп келбеди. Болсоңор ушу Кеңеш Жусуповдой болгула», – дегенин эстеп, оо, бул кыргыз прозасынын шедеврлерин окур-мандар өздөрү баалап, өздөрү сыйлап алат турбайбы деп калдым.

Ал эми Кубатбек Жусубалиевдин 1967-жылы жарык көргөн «Күн автопортиретин тартып бүтө элек» повестин Чыңгыз Айтматов окуп өзүнүн таң калган баасын бере телефон аркылуу «Кубатбек иним, сен кыргыз про-засына жаңы стиль менен келдиң. Бул сенин азаматтыгың, табылгаң» деп, кийин өзүнүн «Аскада калган аңчынын ыйы» чыгармасын бирге жазалы деп сунуш кылганын Кубатбек акемдин өз оозунан укканым бар. Бирок ал чыгарма казак акыны Муктар Шаханов менен биргеликте жазылбадыбы. Эгер Кубатбек Жусубалиев экөөсү биргеликте жазышканда балким кыргыз прозасына дагы кандай жаңычыл табылгаларды алып келишет эле. Э, кантсе да пендечилик деген бар эмеспи, аттиң!

Мурзапар ҮСӨН