Канатбек Бегалиев башкы машыктыруучулук кызматтан кетти

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Канатбек Бегалиев кызматын тапшырды. Бул тууралуу Бегалиев бүгүн 29-ноябрда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтуусунда, 18-октябрда бул кызматтан өз ыктыяры менен кеткен.

Ал ошондой эле билим алып, келечекте саясатка аттануу ниети бар экендигин кошумчалады.

— Келечекте илим-билим алып, парламентке барып спорттун көйгөйлөрүн чечейин деген ой-максатым бар. Жогорку билимим бар. Дене тарбия академиясында окугам, андан сырткары экономика факультетин аяктагам. Эми чет тилдерди үйрөнүп, дагы дүйнө таанымымды кеңейтейин дейм. Спортчу саясатка барса эмне иш кылат деп сурашат. Спортто ийгилик жараткандардын көбү карьерасын аяктагандан кийин парламентте депутат болгон учурлар көп. Азырынча мага партиялардан сунуш боло элек. Саясатка баруу кыялым. Башкы машыктыруучулук кызматта жүрүп алган билимимди толугу менен шакирттериме үйрөтө алдым деп ойлойм”,- деди Бегалиев.

Канатбек Бегалиев быйыл январда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчилигин машыктыруучулардын ишине кийлигишип, басым жасап жатат деп сындап чыккан эле.

Ал 2012-жылдын аягында грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу болуп дайындалган. Бул кызматка быйыл январь айында төрт жылдык мөөнөткө кайра бекитилген эле. Анын убактылуу милдетин ага машыктыруучу Азат Эркинбаев аткарат.

Бүгүн 29-ноябрда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Нуржан Бардинова Канатбек Бегалиевге Кыргызстандын спортун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун отличниги” төш белгисин жана күбөлүгүн тапшырды.

Канатбек Бегалиев 33 жашта. 2006-жылы дүйнө чемпиондугунда (Гуанчжоу. 2006-ж.) күмүш медал тагынган (66 кг). 2008-жылы Кытайдын борбору Бээжин шаарында өткөн жайкы Олимп оюндарында күмүш байге алган. Азия чемпионаттарында алтын (Бишкек. 2007-ж.), күмүш (Чеджу. 2008-ж.) жана коло (Дели. 2003-ж.) байгелерди алган.

Булак: Азаттык

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *