Казак полициясы митингге чыккандарды кантип таратуу керектигин үйрөндү. Видео

Казакстандын Шымкент шаарындагы ипподромдо болуп кете турган ири баш аламандыкка чыккандарды кантип таратуу керектиги боюнча машыгуулар өткөнүн Tengrinews маалымат порталы жазып чыкты.

Шымкенттің полейцейлері жаппай тəртіпсіздікті,басып-жаншуды үйреніп жатыр!

Опубликовано Аңсаған Асыл 27 ноября 2017 г.

Казакстанда социалдык тармактар аркылуу полициянын машыгып жаткан учуру тартылган видео тарай баштады. Видеодон колуна плакат жана желим бөтөлкө көтөргөн кишилер полициядан ары өтүүгө аракет кылганын көрүүгө болот. Көпчүлүк колдонуучулар Шымкентте чындап эле баш аламандыктар болуп турарын айтышса, полиция мындай кабарды четке кагууда.

«Мунун бардыгы полиция кызматкерлеринин чындап ушундай окуя болуп кетсе кандай аракеттерди көрүү керектигин өздөштүрүүсү үчүн жасалып жатат. Бул тактикалык машыгуу», — деп облустун ички иштер департаментинин маалымат кызматы билдирди.

Казак басылмаларынын жазганына караганда машыгууга сырттан киши тартылган эмес.

Булак: Спутник