Сыртта коңур күз бирок… кылычын алып кыш келет Көмүрдүн баасы ооздукталабы?

Козубек ИМАНКУЛОВ, «Кыргыз Туусу»


Ооба, сыртта коңур күз, кыш ызгаары алыс эмес. Көмүрдүн баасы болсо Таласта Шабыркүлдүкү тоннасы 6000-6500 сом, Кара-Жыраныкы – 6000-6500 сом, Кара-Кеченики 5000-5500 сом, Миңкуштуку 5500 сом. Демек, көмүрдүн баасы өткөн апталарга караганда эле тоннасына 300-500 сомго кымбаттаган.

Көмүрдүн баасын тизгиндөө үчүн ый-гарым укуктуу өкүлчүлүк, Өкмөткө караштуу монополияны жөнгө салуу аген-тигинин Талас облустук бөлүмү аракеттерди жасоодо. Асыресе монополияны жөнгө салуу агенттиги мониторинг жасап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Учурда 30-ноябрга карата монинторинг чыгарылып, көмүрдүн өзүнө турган наркы аныкталат.

Деги көмүрдүн баасын ооздуктоого болобу?

–  Болот,  андай  учурлар  2014-жылы жүргүзүлгөн, – дейт монополияны жөнгө салуу  мамагенттигинин  Талас  облустук  бөлүмүнүн  башчысы  Нуржан  Аманкулов.

2014-жылы көмүрдүн бир тоннасы 6700-6800 сомго көтөрүлүп катуу аракеттерден соң ал баалар 5600 сомго чейин түшкөн. Ал кезде Маймак станциясында көмүр менен бизнес жасаган үч фирма иштечү. Ал үч фирманын ичинен “Оро нэйро” гана калган. Бирок ал фирма да Казакстандан көмүр ташып келе албай калды. Болгону учурда “Алишер” компаниясы гана ташып жатат.

Соодагерлерди социализмдин учурунда «кызыл кулактар» деп койчу, мүмкүн болушунча пайданы көбүрөөк табууга далбасташат. Алар үчүн бюджеттегилердин көбү өп-чап эмгек акы алып жатышабы бир тыйын. Ошондуктан мамлекет муниципалдык отун-каналарды ачып, уюштурса абдан жакшы бол-мок. Монополияны жөнгө салуу мамагенттигинин Талас облустук бөлүмү муниципалдык тун базаларын ачуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөн тартып, шаардык мэрияга, акимчиликтерге кат сунуш берген. Бирок эч кандай реакция кыймыл болгон эмес. Эгер андай муниципиалдык базалар уюштурулуп иштесе, эл Кара-Кеченин көмүрүн 5000 сомдон эмес 3500-4000 сомдон, ал тургай 3000 сомдон сатып алмак.

Жалаң Талас региону эмес, республика боюнча бул маселеге олуттуу көңүл бурулбай келүүдө. Болбосо орточо айлык 6- 7 миң сом менен эптеп күн өткөргөн адамдарга  5500-6000  сомдон  көмүр  сатып  алуу өтө оор болууда. Жогорку Кеңештеги депутаттар жалаң олигархтар болгондуктан аларга карапайым элдин кыйналуусу бир тыйын окшойт. Болбосо Өкмөттөн тартып жергиликтүү бийликке катуу талап койсо муниципалдык топ-базаларды капкачан уюштурмак.  Андай  шартка  мүмкүнчүлүк бар, себеби быйыл жайында Кара-Кеченин көмүрүн тоннасын 2500 сомдон бюджеттик мекемелерге тендердик сынак менен түшүрүп беришти.

Талас шаардык мэриясы бир нече күндөн бери шаардын борбордун базарынын тегерегиндеги көмүрлөрдү үйлөрүнүн тушунан сатып жаткан ишкерлерге чара көрүп, рейддерди өткөрдү. Бирок мэрия аларга атайын жай таап берүүсү шарт. Болбосо үйүңө киргизип сата бер. Эң негизгиси бааны өтө кымбаттатып, элдин кыжырын кайнатпагыла” деген талап койсо болмок. “Чаң бырыксыбаш үчүн материал менен жаап алгыла эшигиңердин алдына суу сээп, чаңдатпай тейлөөнү жүргүзгүлө” десе болмок. Анчалык эле тартип керек болсо борбордук көчө Бердике баатыр көчөсүндөгү бардак көрүнүштөрдү жок кылуу керек эле. Додолонгон кум-шагыл, малдын кыгы бул көчөнү   жаман  айылдын  кейпин  берип турат.

Ошентип көмүр көйгөйү көпчүлүктүн көкүрөгүн өйүп турат. Же электр энергиясы арзандабады, 700 кв чейин 70 тыйын, андан ашса 2 сом 10 тыйын дебей эле, тегиз эле киловатын 1 сомдон кылып койсо болмок. Буга чоң акылдын деле кереги жоктой. Сыягы саясый эрк керек окшойт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *