Канат САДЫКОВ, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору: Кыргызстан эч убакта экинчи Швейцария боло албайт. Анткени…

– Канат Жалилович, быйыл Улуу Октябрь революциясына 100 жыл болду, Билим берүү тармагын жакшы түшүнгөн адис катары айтыңызчы, Октябрь революциясынан кийин өлкөдө элге билим берүүнүн абалы кандай болгон?

– 1920- жылдары мурдагы Фрунзе, азыркы борбор калаабыз Бишкек шаарында окутуучу мугалимдерди даярдоочу атайын педагогикалык курс ачылган. Арадан он жыл өткөн соң ал курс педагогикалык институт-ка айланган. Он жылдан ашык убакыттын ичинде Кыргызстанда Билим берүү системасында чоң өзгөрүүлөр, жетишкендиктер болду.  Ал  учур  кыргыз  интелигенциясынын түптөлүшүнө таасир берчү чоң кадам болгон десем жаңылбайм. 1991-жылы Кыргызстан өз алдынча эгемендүү өлкө болду. Эгемендүүлүккө ээ болгон 16 жылдагы абал менен ошол 1920-жылдан 1932-жылга чейин-ки билим берүүдөгү абалды салыштырып айтсам, экөөнүн ортосунда чоң айырма бар. 1920-жылдан кийин билим берүүдө абдан чоң прогрессивдүү өзгөрүүлөр болгонун баса белгилеп айтып коюшум керек. Ал өзгөрүү элге позитивдүү маанай тартуулаган.

Себеби ал учурда калктын калың катмары билимсиз эле. Сабаттуулугу төмөн элди кайсы бир деңгээлде сабаттуу кылып, 10 жылдын аралыгында мугалимдерди даярдоочу институтту ачуу бул эбегейсиз чоң иш болгон.

Ал эми Кыргызстан өз алдынча эгемендүү өлкө болгондон берки 16 жыл аралыгындабилим берүү системасында чынында чоң жоготуулар болгонун жашырып болбойт. Мектептер, жогорку окуу жайларынын саны көбөйгөнү менен, билим берүүнүн сапаты анча жакшы болбой келе жатканын моюнга алуубуз зарыл. Башканы сөз кылбай эле, өзүбүздүн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин алалы. Улуттук университет 16 жыл аралыгында материалдык жактан да, кадр жагынан да чоң жоготууларга учурады. Айлык акынын аздыгынан университетте иштеген кадрлардын көбү кийин ачылган үч төрт университетке бөлүнүп иштеп кетишти. Бүгүнкү күнү ошол эле Кыргыз-орус славян, Кыргыз – түрк “Манас” университеттеринде улуттук университеттен билип алып, алгачкы мугалимдик ишин аталган окуу жайдан баштаган бир топ мугалимдер иштеп жүрүшөт. Ошондой эле Октябрь революциясынан кийин элибиздин байыртан бери кылымдан кылымга ата мурасы катары сакталып келе жаткан улуттук баалуулуктарды изилдөө иштери өзгөчө ыргакта жүргөн. Мисалы, Манас эпосу кеңири изилденген. Элдик ооз эки чыгармачылык илимде өз ордун тапкан.

– Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийинки абал боюнча айтып берсеңиз?

– Эгемендүүлүккө өткөндөн кийин базар экономикасы, базар шартындагы коомду курабыз деген ураан менен жашадык. Бизге көптөгөн инвестициялар келет, чет өлкөлөр менен байланышыбыз күчөйт, алар бизди колдойт, жыргайбыз, өлкөбүз экинчи Швейцария болот деген элек. Бирок, бул ураандын артында тилекке каршы такталган теория же реалдуу түрдө ишке ашыра турчу практика жок болгондугуна байланыштуу көп жоготууларга учурадык. Мисалы, чарбанын баарын таратып жиберип, азыр кайра чарбаны курай албай убара тартып отурабыз. Илим жактан өнүгүү биз ойлогондой болбой калды. Илимде кескин өзгөрүүлөр болот, чет өлкөлөрдүн колдоосуна ээ болобуз деген элек. Айтылган ойдун көбү ишке ашпады.

– Эгемендүүлүккө ээ болгон соң элибиздин кан жанына сиңген улуттук баалулуктарды да жоготуп алуу коркунучуна кептелдик деген ойго кошуласызбы?

– Туура, атадан балага өткөн, кылымдан бери жашап келген улуттук баалуулуктарга кош көңүл мамиле кылгандыктан жоголуп кетүү коркунучунда болду. Акыркы беш жылдан бери улуттук баалуулуктарды кайра калыбына келтирүү боюнча жакшы аракеттер көрүлүп жатат. Бул кубанарлык көрүнүш. Буга мисал элибиздин улуу эл экенин даңазалаган Көчмөндөр оюну. Аталган оюнду мындан ары да улантуу керек. Кыргызстан экинчи Швейцария болобуз деген болбогон ураан. Кыргызстан эч убакта экинчи Швейцария боло албайт. Анткени өзүбүздүн Швейцария болуудан он эсе артык бай тарыхыбыз жана улуттук баалуулуктарыбыз бар.

–  Кыргыз  улуттук  университети окуу жайлардын флагманы деп аталчу эле, азыр окуу жай ал талапка жооп бербей калды деп сын айткандар көп.

– Улуттук университет коомдон четтеп өзүнчө турган уюм эмес. Коомдо абал кандай болсо ал сөзсүз түрдө университетке таасирин тийгизет. Парламенттеги абал сыяктуу эле мугалимдердин арасында оңчул жана солчул ойдогу адамдар болушу мүмкүн. Алардын баарын бирдей ойдо кармап иш алып баруу чынында татаал. Эң башкысы окуу жайда билим берүүнүн сапатын жогорулатуу керек. Университетти студенттер бекемдейт. Студентсиз окуу жайды элестетүү мүмкүн эмес. Дүйнөдө билимде чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Ошол өзгөрүүлөрдөн четтебей, биз дагы бекитилген мамлекеттик стандарттын негизинде иш алып баруудабыз. Мага чейинки ректор Чынара Адамкулова университетте буга чейин иштеп келген институттарды жоюп, факультетке айланткан экен. Ал институттардын айрымдары көп жыл институт болгондуктан, өздөрүнүн материалдык базасын чыңдап алышыптыр. Тилекке каршы так илимдерди окутуучу факультеттердин абалы оорлошуп кеткен. Азыркы күнү ошолордун абалын жакшыртуунун аракетинде иш алып барып жатабыз. Менин ректор болгонума жарым жылча убакыт болуп калды. Буюрса, алдыда пландаган көп иштер бар. Чекесинен бардыгын жолго коюуга аракет кылып жатам.

Маектешкен Тиленбек АЗЫК