Жээнбеков Минскидеги саммит учурунда Назарбаев менен сүйлөшүүгө ниеттенүүдө

Президент Сооронбай Жээнбеков казакстандык кесиптеши Нурсултан Назарбаев менен Минскидеги ЖККУнун саммити учурунда чек ара маселесин талкуулоо ниетинде. Жээнбеков журналисттердин суроолорун жооп берип жатып, Казакстан менен болгон пикир келишпестикти кантип чечүү жана коңшу мамлекеттин башчысы менен сүйлөшүүнү пландадыбы, жокпу айтып берди.

«Эртең ЖККУнун саммитинне Нурсултан Назарбаев да келет. Жыйын учурунда бардык мамлекеттердин башчылары менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөм. Аны менен катар эле Назарбаев менен да жолугуп, бул маселени сүйлөшүүгө ниет кылып жатам» — деди Жээнбеков.

Анткени менен буга чейин президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева ЖККУнун саммитинде Жээнбеков Назарбаев менен жолукпайт деп билдирген.

Эртең, 30-ноябрда Минск шаарында Жаматттык коопсуздук уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын юбилейлик саммити болуп, анда 24 маселе талкууланат.

Булак: Спутник