Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен Белоруссияга келди

Кечээ, 29-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясына жасаган иш сапары аяктагандан кийин Белоруссияга иш сапар менен барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Иш сапардын алкагында 30-ноябрда Мамлекет башчысы Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.

Ал буга чейин Россияга жумушчу иш сапары менен барып, өлкө президенти Владимир Путин жана премьер-министр Дмитрий Медведев менен жолуккан.

Булак: Кабар