Сапар Исаков Сочиде ШКУ жыйынына катышат

Премьер-министр Сапар Исаков 30-ноябрь-1-декабрь күндөрү Сочи шаарында өтчү Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин 16-жыйынына катышат.

Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, премьер-министрлер адегенде өзүнчө жыйын куруп, андан кийин расмий делегациялардын катышуусунда кеңейтилген курамда жолугушат.

ШКУга мүчө мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча чаралар, ШКУ алкагындагы долбоордук иштерди финансылык жактан камсыздоо механизмдери талкууланат.

Сочиде Сапар Исаковдун бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүсү пландалган.

Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлушу пландалууда.

Булак: Азаттык